Асель Турдалиева Канатынын издери

Жүктөлгөн: 25-01-2013
03:00
36.33 Мб
Жанр: Поп
Асель Турдалиева "Канатынын издери"
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Р.Бейшеналиеваныкы
Кайткан куштун канатынын издерин,
Ак булуттун арасынан издедим.
Тапкан жокмун, тапкан жокмун, эридиби дегенсип,
Мен элейип суу тереңин тиктедим.

Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.

Келгин куштун, кереметтүү абанын,
Желпип соккон жер бетинен карадым.
Көрүнбөдү, көрүнбөдү көксөп учкан көңүлүм,
Куйкаланды кучагына санаанын.

Кайырма:
Көрүнбөгөн, табылбаган немени,
Тажабастан издей берем мен эми.
Адамдарга ааламда жок күч берет,
Акыр бир күн аны табам дегеним.
Комментарийлер (6)
NADUW
2013-01-26 16:43:52
койногу ачык болуп калыптыр! буудайбы эмне экенин билбейм аралабай эле койсо болмок
+1
Gulnura92
2013-01-27 21:41:31
соонун эле
0
ARSI
2013-01-28 19:36:45
Maga Asel ejenin yrlary jagat, iygilik eje.
0
limon
2013-02-02 20:40:10
эмне учун видео ачылбай жатат менде
0
Pearl.06
2013-04-11 11:58:20
Асель айым окуса капа болбой эле койсун,көкүрөгү такыр жокко эсе,анан да көкүрөгү ачык көйнөктөрдү кийип алат.
0
mastermaster
2014-06-20 16:13:55
Pearl.06, нормальный эле,сеникине караганда колго илешет...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан