Биз социалдык тармакта

Дайыр Исмадияров Жаным

Жүктөлгөн: 18-06-2013
04:30
49.39 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Жаным"
Балбылдаган көздөрүң арбады,
Балдай ширин сүйүүнү арнады.
Бакытым деп жүрөгүм тандады,
Бир сени, жаным.
Бапестеп жашайын сени ар дайым,
Балапаным, мендик болчу, айым.
Байлап алды күлгөнүң жайдары,
Сендик мен, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Жаркыраган жылдызым, аппагым,
Жамалың сулуу таңдын атканы.
Жаныңда кантип күндүн батканын,
Сезбеймин, жаным.
Жароокерим, кайдан сага кабылдым?
Жалгызымды издеп бүгүн таптым.
Жан дүйнөмдүн чырагын жандырдың,
Сүйүүнүн, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным, керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.
Комментарийлер (66)
egoiste
2013-06-20 19:50:18
jakwyny jakwy dew kerek. abdan jakwy klip boluptur. iygilik saga
0
anina
2013-06-20 20:45:37
жааакты сооонун клип ЕкЕн ийгилик!!
0
DOMIK
2013-06-20 21:37:33
Жакшы клип болуптур ийгилик
клип Казакстанда тартылыптыр Алмата шаарында жана
Бишкек Алмата жолунда
+1
PATRIOT_07
2013-06-20 22:33:33
Балким уй-булолуу болгондо чон озгоруш болот болуш керек Дайыр байкеде бир азыр болсо да "скромно" журуп жана кийинип...
0
Bekish-kg
2013-06-20 23:19:05
башы тушунуксуз болуп калыптыр бирок норм
0
advokatt1990
2013-07-16 13:20:59
Bekish-kg, ал жерин тушунуш учун мындан мурдагы клипин коруш керек да. антип калуудан КУДАЙ сактасын. Тфу-тфу-тфу
0
sezim92
2013-06-21 00:12:50
jakshy daiyr azamatsyn mmmmaaaah jaaaanymgo
0
jalgyzdyk
2013-06-21 16:20:43
сапаттуу, заманбап клип экен э
-1
etalon
2013-06-21 19:23:16
Jyldyzyn jangan jigitsinda!!!!! en sonun!!! soz jok pryam...
-1
Nurik2
2013-06-21 21:14:13
неге аягына чеин окубай калып жатат супер инфо айтып койгулачы
0
admin_superstan
2013-06-21 23:10:57
Nurik2, Саламатсызбы!
Сайттан катачылык кеткен жок. Дагы бир жолу аракет кылып көрүңүз.
0
jasmina95
2013-06-21 22:20:37
jakshy alga DAIYR Baike
0
sumaya07
2013-06-22 17:02:29
сонун ийгилик ыры да клиби формасыда
+1
altinim
2013-06-22 20:21:07
жакты айрыкча кайырмасы
+2
angelo4ka_96
2013-06-23 13:53:56
сооонун клип болуптур ))))
0
periwte080593
2013-06-23 14:13:45
жуктой албайтамгоо
0
admin_superstan
2013-06-24 10:30:53
periwte080593, Саламатсызбы!
Кандай билдирүү чыгып жатат? Кайсы өлкөдөн кирип жатасыз? Бизге купуя менен байланышсаңыз.
0
Leili
2013-06-23 22:30:02
Позитив, сонун болуптур!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан