Биз социалдык тармакта

Дайыр Исмадияров Жаным

Жүктөлгөн: 18-06-2013
04:30
49.39 Мб
Жанр: Поп
Дайыр Исмадияров "Жаным"
Балбылдаган көздөрүң арбады,
Балдай ширин сүйүүнү арнады.
Бакытым деп жүрөгүм тандады,
Бир сени, жаным.
Бапестеп жашайын сени ар дайым,
Балапаным, мендик болчу, айым.
Байлап алды күлгөнүң жайдары,
Сендик мен, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.

Жаркыраган жылдызым, аппагым,
Жамалың сулуу таңдын атканы.
Жаныңда кантип күндүн батканын,
Сезбеймин, жаным.
Жароокерим, кайдан сага кабылдым?
Жалгызымды издеп бүгүн таптым.
Жан дүйнөмдүн чырагын жандырдың,
Сүйүүнүн, жаным.

Кайырма:
Жалжалым, мага, жаным, керексиң,
Жараткан берген, жаным, белексиң.
Жашоомо жарык чачып келесиң,
Жанып белесиң.
Комментарийлер (66)
Umka220190
2013-06-18 22:14:43
Чынында, ак сүйүү адамды жакшы жолдорго салат ))...
Клибиң жакшы болуптур, Дайыр!
+3
Alisher
2013-06-18 23:13:25
Klipke kelsek super iygilik jaksi cigarmlardi jaratber
0
Samat.A.A
2013-06-18 23:18:42
Отто жакшы клип Дайыр, алга дайым бизге ушундай жакшы клиптерди тартуулап журобер, Азаматсын Дони)))
+1
patriottkg1
2013-06-19 01:41:41
tartylywy jakwy aa birok bawy an4a mmes
0
liza25
2013-06-19 02:06:05
эн сонун тартылган клип болуптур
+3
Taalai94
2013-06-19 02:07:59
жакшы клип болуптур +5
+1
Evrika
2013-06-19 08:47:30
Клип эн жакшы денгээлде тартылыптыр,маанайды которотун болуп, айрыкча музыкасы аябай жакты. Ийгилик!!!
+1
Sagy
2013-06-19 09:27:42
Сагынба деген ырдын клибин туш болчу деп булгап алыптыр. Эл ал клибин бийик корчу. Ага да коз жумса болот. А бул клип боюнча, суйуунун керемети даана корсотулгон. Ал эми аягындагы шарлары учуп кеткени, клиптеги эн сонун кульминация болуптур! Каткырып алдым))
0
laki
2013-06-20 16:59:06
Sonun boluptur. Azamatsyn Дайыр! Bir jylmaiyp aldym!
+1
Шаиста Шатманова
2013-06-20 17:39:19
Гадилбек Жанай жүрөбү же жаңылышып жатамбы?
0
Айпери Сыдыкова
2013-06-20 17:49:24
Klip sonun eken,tustordu jakshy ishtep chygyshyptyr.Bul da bolso chon ayirmachylyk.Iygilik.
+1
Nur88
2013-06-20 17:49:53
Аябай жакшы +555 Мр3 форматын кайдан тапсам болот
+1
admin_superstan
2013-06-20 18:07:17
Nur88, Саламатсызбы!
Аудиосу бул жерде:
http://www.super.kg/media/audio/89937/
0
Beka_89_kg
2013-06-22 14:56:49
admin_superstan, Мени уч кун банга айдагансыздар уч кун болду эреже бузганыныз учун деп жаза албай карап койгулачы алдын ала рахмат.
0
admin_superstan
2013-06-24 11:29:18
Beka_89_kg, Саламатсызбы!
Сиз бул жерге комментарий жазып жатасыз. Демек, сизде эч кандай чектөө жок.
0
Jalbirak90
2013-06-20 17:55:27
Да очкини оптом дешевле деп 4тобу окшош болуп алышыптыр!! А так норма!м!м!м!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан