Ош. Өкмөт башчы Темир Сариев согуштун ардагери Абдурашид Парпиевдин эстелигин ачуу салтанатына катышты

Бүгүн, 7-майда премьер-министр Темир Сариев Ош шаарындагы “Түбөлүк от” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абдурашид Парпиевдин эстелигин ачуу салтанатына катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө өкмөт башчы Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин да куттуктады. "Абдурашид Парпиев 1945-жылы Берлинге чейин жетип, Жеңишти тоскондордун катарында болгон. Ал Даңк орденинин бардык даражаларынын толук кавалери болуп саналат. Биз ардагерлерибиз менен сыймыктануубуз керек. Алар биздин эркин жана бактылуу жашообуз үчүн кан-жанын аяган эмес",- деди Сариев. 

Эстеликтин ачылышына согуштун ардагерлери жана мектеп окуучулары катышты. 

Мындан тышкары Темир Сариев согуш ардагери Айтмат Кудайбердиев менен жолугушуп, аны Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы менен куттуктады. Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан