Өздүк булак: Келерки аптада ЖКдагы коалиция таркайт. КСДП президенттикке Ч.Турсунбеков менен С.Жээнбековду талапкер катары алып чыгат

19-май күнү Социал-демократтар партиясы курултай өткөрүп, алдыдагы президенттик шайлоого партиянын атынан эки талапкерди бекитет. Бул тууралуу маалымат SUPER.KG порталына КСДПга жакын өздүк булагыбыз аркылуу белгилүү болду.

Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, КСДП президенттикке 2 талапкерди чыгарат. Алар учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана спикер Чыныбай Турсунбеков. Ушундан улам спикер менен премьер-министр отставкага кетип, Жогорку Кеңеште жаңы коалициялык көпчүлүк куралмакчы. Маалыматка ылайык, премьерликти Сапар Исаков аркалап, өкмөт жалаң жаңы кадрлар менен куралмакчы. Спикерликке Турсунбековдун ордуна Аалы Карашев келери белгилүү болду.

- КСДПнын стратегиясы боюнча, Сооронбай Жээнбеков болгон күчүн өлкөнүн түштүк аймагына жумшап, Чыныбай Турсунбеков бардык күчүн түндүк жакка сарптап, президенттик жарышта экөөнүн тең 2-турга чыгуусуна аракеттер көрүлмөкчү, - деп билдирет өздүк булагыбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан