2 миӊ сомдон сатылат деп Баткенде кармалган боз эчки эмер Өзбекстандан табылды. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткен району боюнча өкүлү Кубанычбек Амиракулов билдирди.
"Издөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл китепке кирген боз эчки эмер Өзбекстандын аймагына өтүп кеткени белгилүү болду. Эчки эмер Баткен районунун Чоң-Талаа айылы менен чектеш Өзбекстандын Чоӊ-Кара айылынын тургуну Маликжон Абдуриевдин короосунан табылды. Ал кирип келген жаныбарды кармап, балдарына зыян келбесин деп буттарын байлап койгонун айтты. Биз бул жаныбарды алып байырлаган аймагына коё бердик. Ал эчки эмерди сатууну көздөбөгөнүн айтып, түшүнүк кат жазып берди", - дейт Амиракулов.
Кармалган эчки эмердин узундугу 80-90 сантиметр, салмагы 4 килограммга жакын. Ал эми Өзбек жаранына айып салынган эмес.
Эске салсак, буга чейин боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, сатылып жатканы айтылган.