2 миӊ сомдон сатылат деп Баткенде кармалган боз эчки эмер Өзбекстандан табылды

  Коом жана турмуш  

2 миӊ сомдон сатылат деп Баткенде кармалган боз эчки эмер Өзбекстандан табылды

2 миӊ сомдон сатылат деп Баткенде кармалган боз эчки эмер Өзбекстандан табылды. Мындай маалыматты бүгүн, 1-июлда SUPER.KG порталына Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткен району боюнча өкүлү Кубанычбек Амиракулов билдирди.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө Кызыл китепке кирген боз эчки эмер Өзбекстандын аймагына өтүп кеткени белгилүү болду. Эчки эмер Баткен районунун Чоң-Талаа айылы менен чектеш Өзбекстандын Чоӊ-Кара айылынын тургуну Маликжон Абдуриевдин короосунан табылды. Ал кирип келген жаныбарды кармап, балдарына зыян келбесин деп буттарын байлап койгонун айтты. Биз бул жаныбарды алып байырлаган аймагына коё бердик. Ал эчки эмерди сатууну көздөбөгөнүн айтып, түшүнүк кат жазып берди", - дейт Амиракулов.

Кармалган эчки эмердин узундугу 80-90 сантиметр, салмагы 4 килограммга жакын. Ал эми Өзбек жаранына айып салынган эмес.

Эске салсак, буга чейин боз эчки эмердин жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, сатылып жатканы айтылган.

Фото: Кубаныч Амиракулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
01.07.2017. 17:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
23-03-2016
Соӊку аракети:
06-08-2018 10:47
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сатып жибериштида озбекстанга таза алдап жатпайбы булар
01.07.2017. 17:40 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайды карап калп айтсанар болбойбу?!! Бул кабарды суперге жеткиргендер да Озбекистанга отуп суротун тартып алып анан жонотушуптурбу?!!

Сатып жиберген экен деп чындыкты айтууга милициянын духу жетпей жатабы же акча берип оозун майлап коюшканбы?!!
01.07.2017. 17:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
126
Катталган:
24-07-2013
Соӊку аракети:
22-12-2017 12:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык ким билет толук маалымат жазып коюнуздарчы. Бул жаныбар сойлоп токой Аралап кетсе эч ким таппайтко. Баткенде жоголуп атат Озбектерден табылганы кызык же уй короо аралап журобу.
01.07.2017. 18:26 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
600
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
24-05-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+8
upol92, биздин милиция менен прокурор-соттор Австралияга кетип калыптыр деп да айта берет оозу-мурду кыйшайбай...
01.07.2017. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
10-07-2015
Соӊку аракети:
25-08-2018 11:09
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчки эмер десе кандай жаныбар болдукен десе бизче атканда ачкамар турбайбы тобаа
02.07.2017. 03:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
10-09-2017 13:46
Жынысы:
Белгисиз
0
jany-aryk,ошода эчки эмер дешсе менда кайсы эчкини эме турган жаныбар экен депмин бизде да ачкамар эле дейт
03.07.2017. 01:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
563
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
11-12-2018 18:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
jany-aryk,ачки эмес эчки,амар эмес эмээр,эчкинин сутун эмип,канын соруп олтургон учун эчки эмээр деп айтылат,южный диалектте озбектешкен тилде э..ни а..деп суйлошот кампыр(кемпир) дегендей эле,бул туура эмес,таза суйлоого аракет кылалы кыргыз болгондон кийин...
01.07.2017. 18:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
522
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
10-12-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
-5
Кескелдирик
01.07.2017. 21:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
11-12-2018 11:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
-9
Каскалдирик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 


Маалымат-маанайшат порталы 2006-2018 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,83  RUB 1,05
Кирүү
Каттоо