Чубак Жалилов: "Фетхуллах Гүлендин террористтик идеяларды жайылтат дегени саясий көз караш деп эсептейм"

Дин аалымы Чубак Жалилов АКШдагы 10 күндүк сапарында Чикаго университетинин Теология факультетинде, Ислам колледждеринде болгонун, мындан сырткары Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы жана Огайо штатындагы кыргыз мусулмандары жана Фетхуллах Гүлен менен жолукканын бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

"Америкада кыргыздардын суранычы менен аларга улуттук баалуулугун сактасын, динден алыстабасын деп сабак өттүм. Сапарымдын учурунда молдоке Фетхуллах Гүлен менен жолуктум. Ушунчалык деңгээлде өлкөлөр арасында маселеси каралып жаткан ал киши жөнөкөй киши эмес. Андай адамдар менен жолугуу керек. Билбей туруп кантип өкүм чыгарабыз? Кайсы бир өлкөдөгү жамааттын лидери, аалымы менен жолугуу милдет деп эсептейм. Мен Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы муфтийи, азыркы көзгө басар молдолорунун бири катары аны колдойт элем. Террористтик ойду жайылтат дегенин мен саясий көз караш катары баалайм", - деди Жалилов.

Ошондой эле демократиялык коомдогу адамдар каалаган адам менен жолугууга укуктуу экенин кошумчалады.

"Түркиянын өзүнүн саясаты бар, алардын саясатын урматтайбыз, бирок биз демократиялык коомдобуз, каалаган адам менен жолугууга укугубуз бар. Гүлен менен жолугуп, окуган лекциясына катыштым. Чоң аалым катары баа бердим. Тарыхта чындык ачыкталат, саясий окуялар көп Кыргыз өлкөсүнүн позициясы учурда туура. Аны террорчу деп бир гана адам, аны ээрчиген система гана айтып жатат. Ал эмес Америка да террорчу деген жок. Эгер андай болсо Америка Түркияга өткөрүп бермек", - деген дин аалымы АКШда демократиялык баалуулуктар сакталганын, ар бир адамдын укугу, пикири сыйланарын кошумчалады.

Социалдык баракчаларга илинген эки аалымдын сүрөтүнө Фетхуллах Гүленге жазылган терс пикирлерди окууга болот. Чубак Жалилов андай пикирлерге көңүл буруунун кереги жоктугун айтат.

"Ар ким ар кандай сүйлөй берет. Анда эмнеге окуу жайларын жаппай атын өзгөртүп койдук. Эгер Фетхуллах Гүлен террордук идеяларын жайылтуучусу болсо, анын пикирин колдогону үчүн биздин падыша, кыргыз эли террорчу болуп эсептелеби? Анын сөздөрүн террор катары баалаган жерибиз жок. Кыйын чыккан адамдарды бийликти тартып алат деп, ар кандай жаман аттуу кыла беришет. Мени деле, мисалы, радикал деп койсо, радикал болуп кетпейм. Түркия тараптан жем жегендер бар, алардын оозун тыюуга болбойт. Кээде интернетте жалдап отургузуп терс пикирлерди жаздырышат, аларга көңүл буруунун кереги жок", - деп сөзүн жыйынтыктады Чубак Жалилов.

Эскерте кетсек, Фетхуллах Гүленди Түркиянын өкмөтү бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөп, прокуратура үч миң жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
CEO
2017-07-10 23:40:07
Америка Фетхуллах Гуленди Туркияга бербесе, соодалашкысы келет, Эрлогандын тизгинин тартуу учун да бербейт, керек болсо олкондо тонкоруш жасап каршылашынды такка отургузуш колдон келет деген кыязда.

Фетхуллах Гулен канчалык диний аалым экенин диний окумуштуулар баа берсин, бирок анын Туркия бийлиги тарабынан куугунтукталышы, диний аалым бийликти колуна алгысы келгени менен байланыштуу. Бул албетте Туркиянын ички саясаты, лично мага кызык эмес..
-7
CEO
2017-07-10 23:45:00
Бирок Эрдоган, Туркиянын Путини! Ал бийликте турган жылдары Туркия экономикасында чон озгоруулор, жылыштар болду. Бул биз кааласак каалабасак да чындык, факт. Эгер менден Туркиянын башында кайсы лидер болуп оз олкосу учун чон ийгилик алып келет, Эрлоганбы же Гуленби десе, мен ойлонбой туруп Эрдоган деп айтам, анткени анда харизматический лидерлик сапаты бар, Франция, Американын президенттерине салыштырмалуу кучтуу лидер.
-3
odin-takoy
2017-07-11 00:28:55
CEO,экоо иен туура позицияда эрдоган сенин путининен мин 100 эсе кучтуу адам
-8
CEO
2017-07-11 11:31:37
odin-takoy, Путин кандай лидер экенин баары жакшы билет. Сен кайра эле радикалдыгына салып мусулман лидерлер эн кыйыны, каапырдан чыккан лидерлер лидер эмес деген акмак ойду айткын келип турат. Диний фанатизмдин да чеги болот. Акыркы кундору Чубак ажыны пайгамбарга тенеп, анын ар бир созун хадис коро баштадынар. Чубак ажы болсо саясатты тушунбогонун ушуну менен канчанчы жолу тастыктап отурат.

Сага кенешим мусулман бол тууганым, бирок чектен чыкпа, диний фанат болбо!
+2
odin-takoy
2017-07-11 12:00:23
CEO, ХХХ сен бул жерде мен бирдеке деп жаздымбы чубак аажы жонундо. Соз сен мактаган путин жонундо болуп атат. Сен билеринби россияда канчалык коррупция онуккон сен мактаган путин канча уурдаганын. Путин менен эрдоганды салыштырып болбойт.
-2
CEO
2017-07-11 13:02:14
odin-takoy, эмне, Туркияда коррупция жок бекен?!!
-1
shamshievagul
2017-07-14 14:41:39
CEO,Ар бир адамдын оз ою бар жеке эле сенин оюн каралбайт бул жакта. Эрдоган, Гуллен тууралуу кыйын билген жалгыз адам сен экенсин эми эмне кылабыз? Турцияда торолуп жашоосун коруп ким кандай жашап эмне кылып жургонун коруп билип жургон адамдай жазыптырсын! Ал эми Чубак Ажы тууралуу жазгандарына келсек акылы аз кичинекей баладай ойлонгон адам экенсин! Ар кимдин оз жашоосу бар кимдин кандай денгээлде акылы болсо ошого жараша кабыл алып тушунот! .
0
admin_superstan
2017-07-11 13:36:24
odin-takoy, этика нормаларын сактаңыз.
+2
dastan.bujun
2017-07-10 23:45:03
Негизи эле чындык менен чынчыл Адам эч кимге жакпайт.Мисалы пайгамбарыбыз с.а.в.ди да оз жеринен кууп чыккан.Абу Ханифа р.анху да турмодо коз жумган.
Кыскасы дин аалымдарын мамлекет эч жактырган эмес.Бирок аалымдар эч качан сынган эмес. Ошон учун да бизге таза туура дин жетип Келли. Мындан ары да аалымдарга сабыр каалаймын.
+9
Hadyja
2017-07-11 00:05:41
Бироого соз тийгизгенден мурда озубузду кармап,ойлонолу.Чубак ажынын создорун туура кабыл алуу керек.Бирок,арабызда айтылган создордон башка маанилерди да жайылткандар бар.
Аалымыбызды карапайым кыргыз эли,боордош туугандар,керек болсо кавказ эли да сыйлап,сабактарын угуп,ыйманда жашап келишет.
Тарыхта оз илими,эмгеги менен элине кызмат кылган жакшы адамдардан болуп кала берет деп ишенем.
Ынтымакта бололу,улуу адамдарды сыйлап,тушунбосок унчукпай койсок,туура кылган болобуз
+8
CEO
2017-07-11 11:32:49
Hadyja, туура айтса туура кабылдайсын. Туура эмес айтса, кантип туура кабылдайсын?!!
-4
meni_kut
2017-07-11 13:12:25
CEO,Далилсиз создорду коп жазат экенсин,аялсынбы кызсынбы билбедим го бирок ой жугуртуун жаш баланыкындай экен.
0
CEO
2017-07-11 15:38:37
meni_kut, сендей ХХХ унчукпай турса жакшы болмок... Чубак ажын туура эмес суйлосо да, пайгамбар суйлогонсуп туура коруп журо бергиле, озунор ойлонуп анализдегенди билбеген сон!!!
+1
s-sung
2017-07-11 00:29:51
saiasat4ylar mn din4il adamdardy salywtyrgan tuura emes..alar e4 ka4an bir katarga turbait..saiasat kan4alyk balit ekenin baarynar bilesiner..bir adamga syn tagardan murun any 100%ke taanysan anan bul jakwy,bul jaman desen makul..a birok took4o 4okup alyp..ozun4o okum bergen tura emes..owogo men oiloim din alymdary bir nerseni jaktasa e4 kimge baw iybei,neitral koz karawty jaktawat..a saiasat4ylarga kelsek zamandyn talabyna karap oiun ,ozun,kylyk munozun ozgorto beriwet..
0
dani2014
2017-07-11 01:22:25
Корс этип чон адамга тиймей мода болду жаштарга, ун чыгарсан суруп отот, болбосо сабапта коюшу мумкун, ото эле боорукер болгула ат адашып казыгын табат дейт, кечиримдуу болойлу
+4
Attila88
2017-07-11 01:36:40
Чубак ажы ассаламу алейкум.Сиздей аалымдарыбыз кобойо берсин.Орто-Азия Кавказ Россияда белгилуу адам.сиздин сабагынызды ар дайым угуп келе берели.Ал эми сасссыык жеп тойбос саясаттын жузун ары кылсын динчил адамдардан.Омиин
+5
Kuba-savai87
2017-07-11 03:09:10
Уч мин жыл ошондой да болобу? Андан коро омур бою деп койбойбу
+5
Omurbek998
2017-07-11 05:44:02
Чубак ажынын созундо ката жок ал ото илимдуу адам кыргызстанда андай денгээлдеги адам жок
+5
miki11
2017-07-11 08:53:29
Чубак ажынын Фетхуллах Гюлен тууралуу айткан ойлоруна 100% кошулам жана колдойм. Ходжа Эфенди озунун бут омурун Ислам динине, Пайгамбарыбыздын жашоосун окуп уйронууго арнап койгон, Туркия элинин копчулук болугун, дуйно жузу боюнча миллиондогон инсандардын ыйманга келишине себепчи болгон киши. Ушундай Улуу инсан тууралуу терс комментарий жазардан мурун ал кишинин омур баянын,жазган китептерин, дуйного белгилуу адамдардын ал киши тууралуу жазган ойлорун окуп чыксанар оюнар озгормок.
+1
dosym
2017-07-11 09:00:20
Чубак ажы,өз мамлекетин саткандар менен мамиле кылат деп эч ойлогон эмесмин
-6
hulk
2017-07-11 14:46:36
dosym,oz mamleketin satkan degen kabardi kaydan okudung, bbc'den bi cnn'den bi aljazeeradan by. ktrk'kdan by . 1tv'dan by ce ce evronews'tan by.
uksan tolko turkiyanin ichindegi mamlekettin bashindagylardin SMIlerinen ce cetekchilerinin oz kizikchiligi kamtilgan gazeta jurnal tvlerinen uksang kerek, antkeni al cakta oppozitsiya alsiz, bardigi kreslo akcha dunuyo uchun prezidenttin degenin tuura dep oturushat. prezident 2+2=5 ke barabar dese, sen cok 4 bolot deseng olkodon kuuyt ce turmogo
+4
CEO
2017-07-11 15:40:15
hulk, жогоруда бири Туркияда коррупция жок, телегейи тегиз, Путин башкарган Оруссиядан Эрдоган башкарган Туркия 1000 эсе жакшы деп отурат го?!..
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-11 17:02:39
Окууп чыксам ол бул деп пикир калтырыпсынар бул ар бир адамдын озунун укугу ошондой еле либой нерсенин арканкы бети болот идеалный адам Мухаммед(САВ) гана либой аалым адашышы мумкун бир адамды фанат болуп пир туткандарга тан калам ойлонбойсунарбы бироо болсо адашпайт деп жазыптыр Асстагфир Аллах туугандар шиалар да Алини р, а фанат болуп чектен чыгышкан хиристяндар деле ошонун бири фанат болбогула далилдин негизинде гана талашып тартышкыла
+1
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-11 17:05:41
Ислам дини бир гана коп эмес бир аалымдын етегин кармап азгырылбагыла Ахлю Сунна уа жаммаа болду башка фитнанын кереги жок суфиилердин да хавариждердин шиалардын кереги жок
0
admin_superstan
2017-07-12 15:00:41
Kalemkash, CEO, muslim87, KIPCHAK-KALMAK, meni_kut, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
Jaloshtalnarisbatchui
2017-07-13 21:46:09
Эрдоган ИГИЛдин спонсору.....террористерге жонотулгон курал жарак кармалган...ошого чычалайт..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан