Жашы жете элек кыз менен Ысык-Көлгө кетип калган жигитке кылмыш иши козголду

Жашы жете элек кыз менен Ысык-Көлгө кетип калган жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.

"19 жаштагы жигит 14 жаштагы кыз менен Ысык-Көлгө кетип калган. Кыздын ата-энеси Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине кайрылып, кызын таап берүүнү өтүнгөн. Кыздын изделип жатканын билген жигит Бишкекке алып келип таштап, качып кеткен. Азыркы тапта анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

Ошондой эле Чүй ОИИББи алардын кандайча Ысык-Көлгө кетип калышканы такталып жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Snejana
2017-07-21 16:26:29
Ай ай...жашы жете элек кыздын чымыны бар гоо.
+16
Hadyja
2017-07-21 16:26:38
Кудай Сактасын!Кыз куйоого тийейин деп калган экен да,ээрчип колго чейин кетсе,бирок кандай кундо да аман-эсен болсо экен.
+11
Revolyutsiya2
2017-07-21 16:38:06
Экооно тен чара корулушу керек...
+20
ALMAAAN
2017-07-21 18:10:00
Revolyutsiya2,туура экооно тен чара коруш керек
+5
grace
2017-07-21 16:49:21
Орус кыз да..
+5
Altysha89
2017-07-21 18:19:58
Тооба кызды кырк уйдөн тыюу дейт. Биринчи кезекте ата энеси кунөөлу башы оогон жака басып кеткени кызы учун. Ар бир акыл эси соо адам жообкерчиликсиз иштен оолак болушу керек.
+5
Toktakunova22
2017-07-21 18:44:58
Кыздын озундо да болсо керек, болбосо 14жаштагы кыз ээрчип кетпейт эле да.Байкуш ата-энеси канти экен?
+9
Syn4y
2017-07-21 19:12:14
Биир жыргайлы дешкен экен да
+5
tyrgon
2017-07-22 12:45:07
кунаажын куйругун которбосо бука тросун узмок эмес да эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан