Бүгүн, 14-августта Бишкекте кайрымдуулук боюнча веломарафон өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көзү жакшы көрбөгөн жана көзү азиз алматылыктар Бишкекке келишти. Алар Алматы шаарынан Ысык-Көлгө чейин 450 чакырым жолду өтүүгө белсенишкен.
Иш-чаранын негизги максаты - ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди социализациялоо, спорт менен машыгууга үндөө, туризмди өнүктүрүү. Веломарафонго ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коштогондор менен жалпысынан 30 адам катышууда.