Якутиянын Мирный шаарында 3 наристенин ууланышына себеп болгон деп Кыргыз кызы айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бала багуучу болуп иштеп жаткан 20 жаштагы Кыргыз кызы акыл эске тескери таасир этүүчү дары-дармектерди кароосуз, ачык калтырган. Балдар аны ичип, катуу ууланышкан. Дарыгерлер балдардын өмүрүн сактап калууга жетишкен.
Аталган факт боюнча козголгон кылмыш иши иликтенип, сотко өткөрүлүп берилди деп айтылат маалыматта.