Бүгүн, 16-ноябрь күнү саат 08:30 чамаларында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде Chevrolet Suburban жана Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү эки унаа сүзүштү. Укук коргоо органдарындагы өздүк булактардын SUPER.KG порталына билдиришинче, унаалардын бири Chevrolet Suburban президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа болгон. Ал эми Патрулдук милиция кырсык тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.
"Эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы болду. Бирок биз азырынча эч кандай маалымат бере албайбыз", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан.
Кырсыкка кабылган экинчи унааны аял башкарып бараткан. Кырсык болгон учурда унаа ичинде айдоочу аялдын апасы да болгон. Ал айрым ЖМКларга берген маегинде кырсыкка президенттик кортежди коштоп жүргөн унаа айыптуу экенин айтууда.