Египеттеги мечитте уюштурулган теракттан 235 адам каза болду

  Кылмыштар, кырсыктар  

Египеттеги мечитте уюштурулган теракттан 235 адам каза болду

Египетте катталган террордук актынын кесепетинен 235 адам каза болду. Al-Ahram жергиликтүү гезитинин берген маалыматында дагы 109 адам жаракат алган.
Окуя бүгүн, 24-ноябрда Түндүк Синайдын борбору Эль-Аришке жакын жайгашкан Эр-Рауд калктуу пунктундагы мечиттердин биринде болгон. Анда уюшкан топ жума күнкү намазга келген адамдар бар мечитти жолтандабас унаалар менен курчоого алып, намаз окуп жаткандардын арасына кирип келишип, жарылуучу заттарды ташташкан. Мындан соң унаадан адамдарды көздөй баш аламан ок ата башташкан. Ошондой эле маалыматта жабыркагандарга биринчи жардамдарды көрсөтүү үчүн келген "Тез жардам" кызматынын унааларын да аткылашкандыгы айтылат.

Синайдын бардык ооруканаларында жана госпиталдарында чукул кырдаал жарыяланды. Ал эми күч түзүмдөрү жана полиция аймактарды тинтүүгө алууда. Кырдаалдан улам Египет президенти Абдель Фаттах ас-Сиси чукул жыйынга өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчиликтерин чакырды. Ички иштер министрлиги терактты иликтөө үчүн комиссия түздү. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук маанилүү жайларды күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алуу тапшырмалары берилди. Алардын катарында чиркөөлөр жана мечиттер да бар. Президенттин буйругу менен алдынкы 3 күн каза болгондордун урматына аза күтүү күнү деп жарыяланды. Египеттеги экстремисттик топтордун бири дагы аталган терактты өз моюнуна алган жок.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
24.11.2017. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
30-10-2017
Соӊку аракети:
15-04-2018 08:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ow
+9
Оо жараткан озун сактайкор. Жайлары бейиштен болсун. Кандай мыкаачы адамдат кылат экен а.
24.11.2017. 21:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
09-12-2018 11:25
Жынысы:
Белгисиз
-8
эгер мечитте теракт болгон болсо мусулман боордоштордун жайы жаннатта болсун бирок храмга окшош экен
25.11.2017. 03:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
97
Катталган:
28-01-2017
Соӊку аракети:
11-12-2018 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+8
murat17,Бир тууганым сен мечитке бара элек окшойсун Храм менен Мечитти айырмалай албаган
24.11.2017. 21:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1010
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 07:49
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азыр диний согуш журуп жатат окшойт менимче
24.11.2017. 22:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
11-12-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
+22
Дайыр жок бекен арасында же келдиби
24.11.2017. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1010
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 07:49
Жынысы:
Белгисиз
-3
Paprikafm, кайсы дайыр
25.11.2017. 14:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
11-12-2018 14:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
Paprikafm,Ал мечитке барабы озу? Намаз окуса барабы
24.11.2017. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
10-12-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+6
Астагфируллах.
24.11.2017. 22:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-03-2017
Соӊку аракети:
11-12-2018 14:15
Жынысы:
Белгисиз
+18
Аллахым курман болгондорго шейиттердин даражасын берип сураксыз бейишке киргизсин. Терак уюштурган заалымдарга Аллахтын наалаты болсун амиин.
24.11.2017. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
11-12-2018 20:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
+8
Намаз маалында жардырганы жаман болуптур. Бардык жерде коопсуздукту биринчи орунга коючу мезгил келди. Бизге КРда кыйратып коопсуздукту сакташпайт.
24.11.2017. 23:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
287
Катталган:
28-08-2016
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай куу
+8
Я Роббим баардыгна фирдаус бейишин насип кыла кор
24.11.2017. 23:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
10-03-2016
Соӊку аракети:
04-12-2018 17:26
Жынысы:
Белгисиз
+9
Дайырды кудай сактаган тура баса берип.
25.11.2017. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
23-12-2010
Соӊку аракети:
11-12-2018 21:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
osh
+1
Sveta23,ха ха ха
25.11.2017. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
227
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
11-12-2018 14:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жайлары жаннатта болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 


Маалымат-маанайшат порталы 2006-2018 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,83  RUB 1,05
Кирүү
Каттоо