Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы көчмөндөр оюнундагы оюн эрежелерине каршы болушууда

  Коом жана турмуш  

Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы көчмөндөр оюнундагы оюн эрежелерине каршы болушууда

Казакстандык спортчулар көчмөндөр оюнунун алкагында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдешке каршылык жазып, катышпай койгондугу туура эмес. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ак-Төбө облустук Көкпар федерациясынын президенти Фархад Сансызбай казак курамасынын бул аракеттерин сынга алган.

"Казакстан Көкпар федерациясы журналисттерге "уюштуруучулар өз убагында аттарды даярдап берген жок" деп айтып жатышат. Бирок биздин спортчулар бул оюнга катышары бир жыл мурун эле кабарланган. Мындан сырткары, биздин курама оюн эрежелери эл аралык стандарттарга туура келбейт деп жатышат. Анткени жакынкы аралыктан бери казак оюнчулары тай казаны жок, чийинде ойноп калышкан. Кыргыз тарап бизге чийинде эмес, тай казанда оюн болорун алдын ала билдиришкен. Башка курамалардын баары тай казанда ойноп жатышат. Казакстан Көкпар федерациясынын бул аракети туура эмес. Оюн үчүн аттарды даярдоого бир жылдан ашык убакыт бар эле. Биздикилер бойкот жарыялап, оюнга чыкпай коюшту. Мындай кылган болбойт. Бул жерде бүтүндөй мамлекеттин намысы турат", - деп билдирген Фархад Сансызбай казак басылмаларына берген маегинде.

Ал эми Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти Ерлан Оспанов да бул окуя тууралуу билдирүү жасаган. Анын айтымына ылайык, оюндун уюштуруучулары алардын талаптарын аткарбай койгонуна байланыштуу курама команда мелдештерге катышуудан баш тарткан.

"Кыргыз тарап бизге аттарды берди. Бирок алар силердин курамыңарда биздин Кыргыз оюнчубуз болуусу керек деген шарт коюшту. Биз буга каршы болдук. Орусиянын Москва, Красноярск облусунан келген курама командаларды карасак, ал жакта жалаң эле Орусияда жашаган кыргыздар экен. Мындан улам Кыргыз өлкөсүнүн чыныгы улуттук курама командасы кайсы экенин айырмалоо кыйынга турат. Биз тандоо турунан өтүп жаткан маалда уюштуруучулар башка командаларда кыргыздар болбоосу керек экендигин айтышкан болчу. Ал эми эл аралык стандартка ылайык эрежелерге кайрылсак, тай казанга улак ыргытууда оюнчулар көптөгөн жаракаттарды алышат, биз 15 жыл бул эрежелер менен ойнодук, бирок жакында эле ал эрежелерден баш тартууну чечтик. Буга кыргыздардан башкасынын бардыгы макул болгон. Ал эми аттарды Кыргыз тараптан ижарага алалы делген чечим кабыл алынган", - деп билдирген Оспанов.

Мындан сырткары Оспанов Кыргыз тарап кечирим сурап, оюнду башка күнгө жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана Казак курама командасы эртеби-кечпи оюнга чыгарын кошумчалаган.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
+996 557 47 39 39
 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(20)
04.09.2018. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
20-11-2018 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+16
Казактар корктуда женилип каларын алдын ала билип просто шылтоосуда бул аракеттери
04.09.2018. 13:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
229
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
20-11-2018 08:58
Жынысы:
Белгисиз
+5
казактар өз эрежесин таңуулагылары келип жаткан экен алардын андай ойу ишке ашпайт
04.09.2018. 11:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:02
Жынысы:
Белгисиз
-2
Там бердим
04.09.2018. 11:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
20-03-2018
Соӊку аракети:
21-10-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эмнеге кыргыз тарап кечирим сурайт. Админ ушул маалыматты тактап корсонор чынында эле кыргыз тарап кечирим сурадыбы.
04.09.2018. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 17:02
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аттарды ижарага албай эле лазерди минип келсе болбойбу биздикилер Астанага чейин жуктоп барыштыго олойун деп буларга не дештида билбейм
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 12:29:07
04.09.2018. 12:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
21-11-2018 11:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+9
Силер коркутуп катышпай койгондо эле кок бору болбой калабы?Чыксанар беймарал чыгып кеткиле,шылтоолобой
04.09.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
04-05-2018
Соӊку аракети:
21-11-2018 11:14
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ха ха ха ушинтеринерди баш эле билинген. Кыргызстан экспого барганда така алдырганга каршы болуп ойнобойбуз деген элего ошоуну акырын чыгарып атышат окшойт. Анан кураманарда кыргыз болуш керек деген окшошбой эле калыптырго. Ошондой кантип болсун. Тайгазан дуйнолук стандартга туура келбейт деп. Бул тууган кок боруунун юнескага катталганын билбейт окшойтго. кочмондор оюнун кокпар эмес кок бору боюнча болорун, 2 жолу кок борудон болгонун айтып жонотушсо жакшы болмок экен тууганга
04.09.2018. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 11:04
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХХХХХ ар дайым кыргыздын конкуренциясынан коркушат,баана эле таппай турушат.Өзү чёткий эл аралык стандар чыгарып коюш керек.Андай кылбаса булар ар мелдештерде өздөрүнүн условиясын коё беришет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 12:41:21
04.09.2018. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
23-10-2018 09:08
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ха ха ха бул уят казак туугандар боло турган шылтоону айтпайсынарбы
04.09.2018. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
163
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
20-11-2018 13:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таза оюн откоруп таза жениш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 14:46:56
04.09.2018. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
07-09-2016
Соӊку аракети:
21-11-2018 01:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+7
Кыскасын айтканда: Коркконго кош көрүнөт болуптур да.
04.09.2018. 12:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
312
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
20-11-2018 20:44
Жынысы:
Белгисиз
+10
Казак оюнчулары бул оюнга келиштен коркуштуда. Болбосо келет эле буга чейин 2 жолу келип кың дебей ойноп кетишпеди.
04.09.2018. 13:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
17-03-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:59
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кок Боруну тай казан жок жердеги чийинге ойногуча лучше вообще ойнобой эле койуш керек.соонун керемет ойунду кайдагы жок жерге чийин чийип ойундун коркун эмнеге кетирип жатасынар казак туугандар айткылачы ???!!!
TalaCSKA түзөттү 2018-09-04 13:12:25
04.09.2018. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
23-04-2018
Соӊку аракети:
09-09-2018 14:37
Жынысы:
Белгисиз
+6
Манастан коркту да
04.09.2018. 14:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
01-08-2015
Соӊку аракети:
20-11-2018 19:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалган дуйно
+5
Эмнеге кыргыздар кечирим сураш кк. Ойунга катышпаса катышпай эле койсун не кереги бар жалдырап
04.09.2018. 15:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 23:45
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХ ХХХХХ баланын шылтоосу болуп калыптыр.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-04 15:55:55
04.09.2018. 16:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
09-01-2017
Соӊку аракети:
20-11-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу Ош шаары
+6
Футболду дарабазасыз элестете албайм))
04.09.2018. 17:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
22-04-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 11:22
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп аябай КЫРГЫЗДАРДАН коркуп турганын байкадым.
КРАСНОЯРСК командасында Кыргыздар болсо эмне алар Красноярскийдин атынан ойноп атат.

Москва облусунун командасында кыргыздар ойносо эмне экен. Алар Москва облусунун атынан ойноп атат.

Биз Кыргызстандын улуттук курамасын билбей атабыз деген БУЛ ШЫЛТОО ЭМЕС. БУЛ ОТО УЯТ КЫТЫРЧЫЛЫК.

Мен аябай тан калдым. Ушундай да коркушабы бизден.
04.09.2018. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
384
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 08:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
ЭКСПОдо деле Монголия курама каманданын атынан казак балдар чыгышкан.
Ошол видео [moderated]да журот, корсонор болот. Даже диктор булар казак балдар деп айткан жери бар...
05.09.2018. 00:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
614
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 07:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ойнобой эле койгулачы баурлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 


Маалымат-маанайшат порталы 2006-2018 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Күрөӊкеев көчөсү - 180,
Тел.: +996 312 88-24-00,
+996 557 47 39 39
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
USD 69,83  RUB 1,06
Кирүү
Каттоо