Чет өлкөлүк медициналык журналы Борбор Азияда кыргыздарды эң кеч карыган калк деп атады

Борбордук Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн ичинен эң эрте картайгандар Түркмөнстанда жашашат. Алар 57,7 жашында эле кары адам катары саналып калат. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгын Lancett медициналык журналы жазды.

"Элинин картаюсу боюнча экинчи орунда Өзбекстан турат. Алар 57,8 жашынан тарта кары адам катары эсептелет. Казакстандыктар 59,7 жаштан баштап карый баштаса, Тажикстандын жашоочулары 60,5 жаш курагынан тарта карый баштайт. Ал эми Борбор Азияда эң узак убакытка чейин Кыргыз өлкөсүнүн жашоочулары жаштыгын сактай алат. Алар 61,3 жаш курагынан баштап карый башташат", - деп жазылган журналда.

Изилдөөчүлөр жергиликтүү калктын каруу ылдамдыгын аныктай турган жеке методикасын иштеп чыгышкан. Алар аталган өлкөлөрдөгү элди канча жашынан баштап карыганда келчү оорулар басарын санашкан. Оорулардын тизмесине 92 карылыктын оорусу киргизилип, алардын арасында Паркинсон оорусу, Альцгеймер оорусу, гипертония, катаракта, глаукома, боор оорулары, ревматизм, артрит сыяктуу дарттар бар.

Изилдөөчүлөр орто жаштагы адамдар катары 65 жаштагыларды алган. Аларга изилдөө жүргүзүп, өздөрүн кайсы жаштан тарта жогорудагы ооруларга кабыларын сурамжылашкан. Изилдөөчүлөр аныктагандай, дүйнөдө Папуа-Жаңы Гвинеянын эли 45,6 жашында эле өздөрүн 65 жаш курактагыдай сезе башташары билинген. Ал эми Афганистандын эли өздөрүн 51,5 жашында эле кары адам катары сезип, карылыктын дарттары баса баштары аныкталган.

Баарынан өздөрүн эң жаш сезген эл Түштүк Корея жана Испаниянын эли. Алар 75,1 жашында гана 65 жаштагы адамдардай сезе башташат. Италиялыктар жаштыгын 74,8 жашка чейин сактай алышат.

Буга кошумча изилдөөчүлөр жаштыкты узакка сактоонун, карылыктын кечирээк келишине кайсы факторлор таасир этерин да божомолдошкон. Алардын катарына ар дайым кыймылда болуу, тамеки чегүүдөн баш тартуу жана медициналык жардамдарга өз убагында кайрылып, текшерилип турууну киргизишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhaku2017
2019-03-22 19:22:36
Баягы эле Батыш Европа менен Чыгыш Азия олколору алдыда жашашат.
+4
oscar
2019-03-22 19:28:32
Айлыкты көтөрүп коюшса андан да жашарат кыргыз эли
+21
warcaw
2019-03-22 20:03:10
Кытай менен чектеш Нура айылына барсаңар эркек кишилер 30 жаштагылар 50 ү жаштардай көрүнүшөт.
-3
souza.j
2019-03-22 20:03:30
Маалымат эки ача бооуп калыптыр. Тажиктерди бир 57.7,кайра 60.5 деп. Биздики жакшы.ооруулар тажиктер менен озбектерден эле чыкпай калсын
+9
Sakubek
2019-03-22 20:07:21
Мен 35 темин. Озуму 20 дагыдай эле сезем
+12
Sajakat14
2019-03-22 21:14:36
Кыргыздар жаш экенбиз ураа!
+4
NikkiMartin
2019-03-22 22:51:11
Булар оздорунун айтусу боюнча да, биздин деле окумуштуларыбыз изилдесе башкача тыянак чыгарат деп ойлойм. Менин чон апам 82 де, абдан тын, 50 жаштагы асыл затындай.
+4
aminali
2019-03-22 23:19:26
Ийееее суйунуп жатса 61 дейт ко, Сексенбай Токсонбайлар бизде да! 61 жашоонун башталышы эле , уххх деп бала чаканы чонойтуп ордуна коюп!
+6
zhigitaly
2019-03-23 02:41:32
aminali,алардын жардамчысы бар
0
ali96
2019-03-23 01:30:21
57 жаштагы адам 5 жолу сальто жасап аткандан кийин....(Мелис Турганбаев)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан