"Ноокат районундагы Жийде айылында ата-энелер комитети 1-класста окуган балдардын ар биринен 1 миң сомдон чогултуп жатат", - деп SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.
"Алар чогулган каражатка мектепке эстелик катары бир буюм алып беребиз деп жатат. Мектеп окуучуларынан акча чогултууну тыйып койсо кандай болот? 1 миң сомду бере ала турган, бере албай турган ата-энелер дагы бар. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ал акча көп да. Бул маселени Билим берүү жана илим министрлиги карап берсе жакшы болот эле", - деген пикирин билдирди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.