Мэрия: "Бишкектин караңгы көчөлөрүнө жарык орнотулду"

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тарабынан борбордук көчөлөрдүн чырактарын жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда жасалып жаткан иштердин негизги максаты - караңгы көчөлөргө жарыктандыруу системдерин орнотуу экендиги айтылат.

"Бишкек шаарынын көчөлөрүнө диоддук 79 жаңы чырак орнотулуп, 3 миң 400 метрлик электр өткөргүч зымдары тартылды. Алсак, Худайбергенов, Целинная көчөлөрүнө, Токтоналиев көчөсүнөн Водопроводная көчөсүнө чейин. Профессор Зима көчөсүнө, Көкчөтау көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин зымдар тартылып, жарыктар орнотулду. Ошондой эле Исанов көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин, Долонский тар көчөлөрүндө 52 чырак жаңыланып, 1 миң 635 метрлик зым тартылды", - деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаардыктарды муниципалитет жасап жаткан иштерди, кызматкерлердин эмгегин баалап, чырактарды сындырбоого чакырат. Жарык бардыгы анын ичинде ар бири үчүн орнотулганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
futboler
2020-02-03 19:29:54
Курман ыраазы болсун.
+2
kechirmeni
2020-02-04 11:39:46
Ошто да коюшат бирок мактанышпайт го
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан