SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош шаарынын тургуну эки айдан бери сүйүнчү пул ала албай жүргөнүн айтып кайрылды.
"3-январда кыздуу болгонбуз. Кызыбыздын аты Алиса Таалайбекова. Төрөтканадан чыгарыбыз менен 8-9-январда Ош шаарында Сүйүнчү пул алуу үчүн документ тапшырганбыз. Мени менен тең карындашым Алай районунун Гүлчө айылынан тапшырып, бир жумада алды. Биз эки айдан бери ала албай жүрөбүз. Азыр чалып сурасам, "силер каттоодон өттүңөр. Бирок азыр бизде акча жок болуп жатат. Качан келери да белгисиз. Андыктан качан алышыңарды айта албайбыз, күткүлө" деп коюшту", - дейт нааразы болгон окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.