Акыркы кезде Бишкек шаарынын тургундары жыландарды көп кездештире башташты. Бул тууралуу социалдык тармактарда айтылып келе жатат. Чочулаган жарандардан кайрылуулар көп боло баштаганына байланыштуу шаар мэриясы өзгөчө кырдаалдар кызматынын астында 161 номуру иштеп баштаганын билдирген. Анда кайсы бир жаран жашаган жеринен жылан көрүп калса, аталган номурга чалыш керектигин жана ал жакка тажрыйбалуу куткаруучулар келерин айткан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы шаардагы кездешип жаткан жыландар коркунуч жаратпайбы, алар уулу эмеспи деген жана башка суроолор менен Улуттук илимдер академиясындагы Биология институтунун улук илимий кызматкери, герпетолог Дмитрий Милького кайрылды.
- Саламатсызбы, Дмитрий Анатольевич. Бишкек шаарында жыландын канча түрү байырлайт жана анын канчасы уулуу?
- Саламатчылык. Бишкектин тоого жакын райондорунан жана түштүк аймагында жыландардын 6 түрүн кездештирсе болот. Дагы бир түрү - "сары жылан" ал жыланга окшош, бирок кескелдириктер түркүмүнө кирет. Көбүнчө шаарда полоз Каролина жана ок жылан деген түрлөрү жолугат. Булар уусуз, адамга зыяны жок. Калаадагы жыландын дагы үч түрү бар. Анын бири - удав жыланы, уусуз жыландар түрүнө кирет. Ал эми кара чаар жылан жана калкан тумшук жылан уулуу болуп эсептелет. Бул жерден кара чаар жылан кызыл китепке кирген. Демек анын саны өтө эле аз.
Түстүү полоз шарттуу түрдө гана уулуу деп саналат. Уу тиштери арткы жаак сөөгүндө алыс жайгашкан. Бул жыландар теориялык жактан адамды чагып алышы мүмкүн, бирок ал үчүн киши манжаларын жыландын ооз көңдөйүнө салыш керек деп түшүндүрсө болот.
Албетте, Бишкектеги уусуз жыландардын деле майда тиштери бар. Эгер адам жыланга кол салгыдай болсо, алар коргонуу максатында адамды тиштеп, терисин тытып алышы мүмкүн. Бирок анын зыяны ашканада балыкты тазалап жатып колду тытып алгандай эле болот. Көпчүлүк адамдар жыландын уусу анын тилинде жайгашат деп адашышат. Тил сойлоп жүрүүчүлөр үчүн сезүү органы болот.
Белгилей кетүүчү нерсе, дүйнө жүзү боюнча уулуу жыландар болгону 12 пайызды түзөт.
- Кургак жылан болсо чагат, ал эми суу жыландар чакпайт деген түшүнүк туура элеби?
- Ооба, туура эле түшүнүк. Бирок кургак жыландын баары уулуу боло бербейт.
- Төмөндөгү видеодогу жыландар жакында эле Бишкек шаарынын аймагынан тартып алынган. Булар уулуу жыландар эмеспи, мүнөздөмө берип кетсеңиз.
- Биринчиси, 7-кичи райондон жолуккан сары жылан экен. Анын айланасында көп ызы-чуу кылып жиберишти. Бирок жогоруда айткандай эле ал жылан катары эсептелбейт. Сары жыландын эч кандай зыяны жок, тескеринче жаратылыш үчүн пайдасы чоң. Анткени көптөгөн зыяндуу кемирүүчүлөрдү жок кылат. Сары жылан 2005-жылы Кызыл китепке кирген.
Экинчиси, Бай-Төр конушундагы саймалуу полоз жыланынын эркеги экен. Бул дагы уулуу эмес жыландар түрүнө кирет.
Үчүнчүсү, Көк-Жар конушундагы - суучул сары жыландын орточосу. Бул дагы эркек экен. Үч түрүнүн тең адам үчүн эч кандай коркунучу жок. Алар экологиянын функцияларын турукташтырып турат.
Жыландардын уусу мурда фармакологияда көп колдонулчу. Мисалы калкан тумшуктуу жыландын уусу гематодиагностикада чоң жардамы тиет эле. Тилекке каршы азыр уулуу жыландар азайып, дарыларга синтетикалык заттар кошулуп жатат. Ал эми суу жыландар дарыялар менен көлмөлөр өтө булганып кеткендиктен жоголуп баратышат. Жыландар азайган аймакта келемиштер, айыл чарбага зыян алып келүүчү чегиртке, чычкан, коңуздар көбөйөт.
- Эгер кокустук болуп жылан чагып алса, кандай аракеттерди көрүү керек?
- Эгер адам жашаган жактан уулуу жыландын уясын же алар топтошкон жерди көрүп калсаңар, зоологдорго же куткаруучуларга кайрылгыла. Эгер уулуу эмес жылан болсо, кооптонуунун кереги жок. Эгер уулуу же силерге тааныш эмес жылан үйдүн ичине кирип келсе, дүрбөлөңгө алдырбастан чыгып кеткиче күтүү керек. Жылан жаныңыздан өтүп баратса сабырдуу болуп кыймылдабай тургула, бир аз убакыттан кийин эшикти тапканда өзү эле чыгып кетет. Жыландарга тийишпесе, бутуңуздан өтүп баратып дагы зыянын тийгизбейт. Уусу жок жылан экенине көзүңүз жетсе, коробкага же капка акырын кармап салып туруп, сыртка чыгарып жибериш керек.
Капыстан жылан чагып алса:
1. Жараат алган жерди укалап, ууну кан менен кошо соруп, түкүрүп салууга аракет кылыш керек;
2. Жылан чакканда адам стрессти минималдаштыруусу кажет, дүрбөлөңгө алдыруу, коркууну көзөмөлгө алуусу туура;
3. 90 пайыз учурда жылан адамдын колун чагып алат. Анткени адамдар өздөрү жыландарды коргонууга мажбур кылышат. Мындайда ууну соруп салуу оңой болушу үчүн терини 5 миллиметрге чейин таза дезинфекцияланган лезвие же учтуу бычак менен бир аз кесип жиберсе болот. Бирок чууга алдырып катуу кесип албагыла, бул учурда жараатка инфекция кирип кетиши мүмкүн;
4. Канды токтотом деп катуу нерсе менен жараат алган жерди бууганга такыр эле тыюу салынат;
5. Жылан чаккан адамды көлөкө жерге жаткырып, тынчтыкты камсыз кылуу керек. Эгерде адамда мээнин кан айлануусунун бузулушу башталса, башын денесинен ылдый болгондой кылып жаткыруу зарыл;
6. Адамга сууну көп бериш керек жана антигистаминдик дары (супрастин, пипольфен, тавегил) берүү керек. Дарынын дароо эки дозасын ичириш керек, андан көп эмес. 2-3 саат өткөндө бир эле доза берилет;
7. Жылан чакканда эмнени бербеш керек? Негедир кээ бир адамдар арак бериш керек деп ойлойт экен. Бул таптакыр туура эмес. Ал тескеринче ууланган организмге ого бетер зыян берет. Ошондой эле кофе дагы болбойт. Андан көрө малина кошулган жылуу чай бергиле.
7. Жабырлануучуга алгачкы жардам биринчи жарым саатта көрсөтүлүшү шарт. Жарым саттан кийин ууну соруп, түкүрүүнү токтотуп, жараны антисептик менен тазалап, стерилдүү бинт менен байлап, тезирээк ооруканага жеткирүү керек.
Негизи биздин аймакта байырлаган жыландар анча чоң эмес. Алардын чагып алуусу өмүргө өтө чоң коркунуч жаратпайт. Ошентсе да Бишкектин жашоочуларына айтат элем, учурда жай келе жатат, көбү тоо жакка барып эс алганды адатка айлантып алган. Андыктан жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактай жүргүлө, калың бут кийим кийгиле. Чөптүн арасынан баратканда дабыш чыгарып, жай баскыла, үндү уккан жылан качып кетет. Чычкандардын уясынын жанына чатыр же боз үй тигип жатпагыла. Түнкү маалда чырак алып жүргүлө. Дагы бир жолу айта кетейин, шаардагы жыландардын уулуу тиштери анча узун эмес, алар адамдын кийимин тешип чага албайт. Ошон үчүн жаратылышка эс алганга барганда жеңи жана багалеги узун кийимдерди кийгиле.
- Көпчүлүгү Бишкекте жыландардын көбөйүп жатканын карантин менен байланыштырууда, сиздин оюңуз?
- Ооба, болушу мүмкүн. Анткени сыртта адам азайды, унаалар аз жүрүп калды. Сойлоп жүрүүчүлөр катуу үндөн коркот. Ызы-чуу болгон жерден качып кетүүгө шашылышат. Аларга тийишпесе биринчи болуп кол салып, чакпайт. Уулуу жыландар деле жөндөн жөн эле уусун кетире бербейт. Ал эми уулуу эместери көбүнчө өлүп калгандай түр көрсөтүп коргонушат, болбосо үн чыгарат. Ошон үчүн жыландардан коркпогула, аларга тийбегиле жана ден соолукта болгула.
- Дмитрий Анатольевич, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!