Оштун прокурору Кубат Абдраимов кызматтык форма кийүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жазага тартылып, ага сөгүш берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокурорго карата мындай чечим 20-май күнү чыккан.
"Ал бул кадамы үчүн жоопкерчиликке тартылат жана ага сөгүш берилди", - деп билдирди мекеме өкүлү.
Белгилей кетсек, Оштун прокурору Абдраимов 9-май Улуу Жеңиш күнүндө өчпөс оттогу салтанатта башына калпак кийип турганын чагылдырган сүрөтү интернетке тараган. Анда интернет колдонуучулар прокурордун алдыңкы формасы менен баш кийими шайкеш келбегенин кеп кылышкан.
Жарандар прокурор биринчи кезекте мыйзамды аткарышы керек деп нааразы болушуп жана ал форма кийүү эрежелерин бузду деп сынга алышкан болчу.