"Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлады". Уулу ага моралдык басым көрсөтүлүп жатканын билдирди
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин түрдө начарлады. Бул тууралуу анын уулу Сеид Атамбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
"Бүгүн, 22-май күнү Алмазбек Атамбаевдин абалы кескин начарлады. Алмазбек Шаршеновичтин коронавируска тапшырган тести "таза" экендигин тастыктаган маалымкаты болсо да, 3-жолку жолугушуу терезе артында өтүп, жубайын, балдарын кучактай албагандыгы буга себеп болду. Атамбаевдин туугандарында коронавирус жок экендигин тастыктаган документ болсо да жолугушуу кооптуу экендиги, ал эми Кой-Таш окуясы боюнча сотто ондогон маалымкаты жок адамдар менен жолугушуу коркунучсуз экендиги түшүнүксүз. Алмазбек Атамбаевдин айтымында, ага моралдык басым көрсөтүлүп жатат. Ал ден соолугуна карата арыздангысы келбейт, бул анын принциптерине туура келбейт", - деп жазган Сеид Атамбаев.
Аталган окуя боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан төмөнкүдөй маалымат беришти.
Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык жана туруктуу. Ден соолугуна эч кандай арыздануусу жок. Ал күн-түн дебей дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Туура кылат.Мындай кырдаалда оору жуктуруп алса дагы айтасынар.Атайылап оору жуктурду деп.Уй було баалуу.Бирок жолукпай турушу керек.Бул убактылуу нерсе.
+12
Erik2018
2020-05-23 00:16:33
сүрөттөгү Атамбаев бул туркияда самолет менен кетип жатып арака ууланып больницага кирип кетип жаткан сүрөт экен жанында шоопуру да бар
+3
Alimbek1000
2020-05-22 18:22:47
Анализи таза болушу мүмкүн бирок балдары коронавирус жуктуруп келсе эмне болот? Атамбаевге коронавирус жукса концерт ошондо башталат Кудай сактасын!
-5
Kuban-1207
2020-05-22 18:46:42
Жакшы дей берет Жеенбековдун командасы
-1
Tymar
2020-05-22 18:58:43
Жээнбеков атамбаевке чыккынчылык кылып кетти да
+1
Saidochka
2020-05-22 19:07:00
Tymar,Ооба, Шералы хандын Нузупко
кылган чыккынчылыгындай эле болду. Сынган кылычты окугандар болсо, билет
0
0001KG
2020-05-23 02:25:18
Tymar, аша биринчи 2010 догу санаалаштары болгон, отунбаевага кошуп текебайларды сатып кеттиго. Анан экс президент деген статусту алып, мыкты гособеспечения жыргап жата бербей, ар нерсени дөөрүп, балп эттирип эле бийликти, тиги 120 немелерди кошуп Сокени шывап эле туруп алды, ошол сөөгү жок тилинин айынан ушул жазаны көрүп жатат. Соке деле айттыго ушунча сабыр кылдым унчукпай деп. Пускай аша жазасын алсын дальше.
0
Mamiev
2020-05-22 19:48:29
Tymar,Мен ушул чыккынчы кылды дегенге таң калам да.Жээнбековду жактабайм ал кыйратып деле иштебей турат. Бирок силер корбодунорбу чимкирик депутаттар соке 100 гр рюмка деп Атамбаев камалгыча тийишип жатканын. Президенттикти өткөрүп бердиби эс албайбы эмгегин эл таразалап алат эле. Атамбаевди үйүндө тынч жаткан жеринен камаган жок да Жээнбеков. Негизи Атамбаев Жапаровду президент кылыш керек эле Жээнбековко жардам бербей
+13
Jaznura
2020-05-22 19:50:24
Tymar,тескерисинче эмеспи? Президенттин абийири аз келгенсип депутаттардын абийирин төгүп өзү күнөөлүү!
0
Tursunbaev2017
2020-05-23 12:43:19
Tymar,АША өзү дагы чыккынчы да,ал да бирөөлөрдү сатып кеткен,келме кезек,Жээнбековту актап,мактап жаткан жокмун,болгонун айттым
0
Jaznura
2020-05-22 19:52:20
Атамбаев азыркы абалына тилин тыйып жашаганда мындай оор абалга түшпөйт эле. Ошондо оозуна келгенди оттобогондо азыр абалы начарласа бүт санаалаштары кабар алмак.
+4
Tyty1990
2020-05-22 21:49:08
Атамбаев азыркы Назарбаевге окшоп үйдөн сокени башкарам деп ойлогон. А соке жөн адам эмес эшеги ылайдан өттү ашаны жардан түрттү. Сокенин бир туугандары ашаны жөн эле жок кылып койсо болот бирок,соке элден коркту. Эл көтөрүлүп кетпесин деп акырын болбогон шылтоону айтып камап психический атака жасады. Аша дагы периште эмес, соке аша теке роза баары бир табактан аш жегендер. Просто бирөөсу этти көп жеди, бирөөсү күрүч жеди ал эми бирөөсү табакты жалаган бойдон кала берди
+6
bekbol2006
2020-05-23 06:39:22
АША Кыргызстанды карызга батырды
+2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.