Ошто токтоп турган унааны уурдай качкан жаран кармалды

Ош шаарында унаа уурдап, качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 3-июнь күнү 1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну М.Ч. аттуу жаран кармалды. Ал унааны укукка жат түрдө ээлеп алып, изин жашырганга шектелүүдө.

Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсүнүн тургуну өзүнүн Тойота-Раум үлгүсүндөгү автоунаасын ушул жылдын 6-мартынан 7-мартына караган түнү белгисиз жарандар өз үйүнүн алдынан уурдап, айдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары жогорудагы жаран кармалды. Учурда шектүү жарандын үстүнөн сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Унаа Ош шаарынын аймагындагы автоунаа коюучу жайлардын биринен табылып, ээсине кайтарылып берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан