Бүгүн, 11-ноябрда "Караван" соода борборунда эмгектенген соодагерлер өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты. Митингчилер аталган соода борборунун электрондук сатыкка коюлуусуна каршы экендигин билдиришти.
"Биз соода борборунун сатыктан алынышын талап кылабыз. Анткени жаңы кожоюн ижара акысын кымбаттатып салса, соодагерлер жабыр тартып калабыз. Экинчиден, имаратты сатыкка коюунун өзү мыйзамсыз. Анткени кайсы бир мамлекеттик мүлк бюджетке пайда келтирбей калса гана сатыкка коюуга болот. "Караван" соода борбору жыл сайын өлкө казынасына ондогон миллион сом салык төлөйт", - деди соода борбордун кызматкерлеринин бири.
Митингчилерге вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева чыгып, алардын маселелерин угуп, кийинки аптанын аягына чейин чечип берүүнү убадалады.