Кечээ, 4-ноябрда Сербиянын борбору Белград шаарында 23 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы колумбиялык Татьяна Рентерия аттуу балбан менен кез келип, атаандашын 3:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпиону аталды.
Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгач эквадордук балбанды, андан кийин индиялык балбанды мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык балбан кыз менен кез келип, атаандашын 8:0 эсебинде жеңип, финалга чыккан.
Баса белгилей кетсек, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда жалпы 4 балбан менен кез келди. Ал 4 беттеште атаандаштарына 1 гана упай алдырды.