Бриллиант ташы бар зер буюм, ок атуучу курал. Ноокенде уурулукка шектелип Чүйдүн 3 тургуну кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кымбат баалуу зер буюмдарды жана куралды ок-дарылары менен уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалым болгондой, 24-июнда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында белгисиз адамдар 47 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, анын мүлкүн, анын ичинде куралын ок-дарылары менен кошо уурдап кетишкен.
Шектүүлөр үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, терезеден кирип баасы 900 000 сомдон ашык бриллиант ташы бар зер буюмдарын, ошондой эле сейфти ачып, анда сакталып турган 7,62 калибрдеги МА-АК үлгүсүндөгү аңчылык карабинин алып кетишкен.
Мындан тышкары ок атуучу куралдардын 60 даана ок-дарысы жана башка баалуу буюмдары уурдалган. Анын кесепетинен Ноокен районунун тургунуна дээрлик миллион сом өлчөмүндө ири материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факты Ноокен РИИБинин Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «уурдоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Чүй облусунун 3 тургуну 2002-жылы туулган С.У., 2001-жылы туулган М.Ы. жана 1997-жылы туулган Ж.С. кармалган. Алардын экөө Бишкектен, бири Кара-Кулжа районунан кармалган.
Алар уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн сатууга үлгүрүшкөн. Ок атуучу куралдар жана ок-дарылар Кара-Кулжа районундагы шектүүнүн биринин тууганынын үйүндө катылган жеринен табылып алынды. Башка буюм далилдери да табылды.
Учурда үч шектүү тең Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан