Теңгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратура тарабынан кармалды

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүк кармалды. Маалыматты мекемеден тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, ал "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалган.
Мындан тышкары ишкананын жабдуу боюнча адиси Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан. Тергөө улантылууда.

Белгилей кетсек, "Кумтөр" толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген. Ошону менен катар Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган. Ал эми "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kebranum
2022-09-14 00:54:00
Сценарийдин автору ким болду экен кызыык.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан