УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык Ленд Крузер 300 унаасы аэропорттун жолунда каршы тилкеге чыгып, скутердеги кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Хамидулло Узаков аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты.
“Каршы тилкеге чыгып көппөй жүрсөңөр ушундай нерселер болбойт. Мен көргөндөн скутердеги кишинин абалы жакшы эле болчу, ооруканага алып барабыз деп жатышкан”, - деп жазды Фейсбук колдонуучусу.
Бул окуя боюнча Кайгуул кызматына байланышканыбызда, кырсык тууралуу эч кандай чакыруу түшпөгөнүн билдиришти. Социалдык тармактарга маалымат чыгаар замат кайгуул кызматы окуя болгон жерге барганын, бирок жеринде эч ким болбогонун кошумчалады.