Мамлекеттик кызматкердин мыйзамсыз иш-аракети бүтүндөй форма кийген кызматкерлерге чиркөө болуп, эл ишенген чоң мекеменин аброюн түшүргөнүн аталган фильмден көрүүгө болот. Фильм карапайым калк менен ИИМдин кызматкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты кандай жүргүзсө болорун, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн кандай ыкмалары натыйжалуу экенин ачып берген. Андагы орган кызматкери мыйзамсыз курал-жарак сатып, көралбастыктын айынан жанындагы шеригинен арылып, кытмыр ишин улантат.