Фильмде тоо арасында жайгашкан кыштактын окуучуларынын өз ара мамилелери, мектептеги кароо-сынактар көрсөтүлүп, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан таасир алган окуучулардын жазуучуну кантип тааныганы тууралуу баяндалат. Тагыраагы, 14-15 жаштагы Данияр жана Алымбек аттуу тентек балдар аталган жазуучунун чыгармалары менен таанышып, жыйынтыгында алардын терс адаттары калып, тарбиялуу, адептүү жигиттерге айланганы экрандаштырылган.