Элибизден илгертеден эле калк башкарган, айтар сөзү бар, кадыр-барктуу айымдар чыккан. Бирок айымдардын лидерлик сапатын көтөрө албай, "үй-бүлөнү эркек башкарыш керек, аял киши үйдө бала багып отуруш керек" деген да түшүнүк калыптанып калган. Канткен менен азыркы турмуштун шарапатына ылайык, башкаруучулук тизгинди колго алган айымдар четтен чыгат. Алардын айрымдары бул нерсеге жолдошунун же атасынын жардамы менен жетсе, арасында өз күчү менен өз чөйрөсүндө лидер боло алгандар да жок эмес.
Комментарийлер (8)
Азамат эжекелер экен;иштерине ийгилик каалайм.
Арча бешик жаны конушундагы "Назик" фабрикасынын директору Мырзаканова Замира Нургазиевнадан да интервью алсанар болмок. Ошол айым- чыныгы лидер айым
Куйоосу же ата энеси ачып берип койгон бизнестеги айымдар эмес чыныгы озу туп тамырынан бери тузуп иштетип кеткен айымдар толтура ошолор жонундо болсо болмок
Бактыгул Бадыевадан интервю алсанар болмок ал чыныгы бизнес леди
Нурзатка боорум ачыйт кээде. Бактысын тапса экен карындашым. Могу жанында жолдошу болуп жургон жигит Нурзаттын арты менен атактуу болуп алып кийин суруп чыга тургандай туяла берет.
pirim77,боорум ачыйт дегендей, Нурзат көчөдө калган байкуш эмес да. Нурзат азамат кыз, дайны жок мактана бербейт. Дайыма позитивдүү, сөздү дайны жок сүйлөбөгөн кыз, бул жагынан калп эле оозу менен орок оргон далай жигиттерден өөдө. Ушул интервью бергендердин баарына ийгилик каалайм.Бирөөлөр жазыптыр го "бирөөлөр ачып берген бизнети иштетип" деп.Ата-эненин бар байлыгын чачып, дардактап ичип-чегип жүргөндөр канча.Ошол ишти улантып кеткенге мээ,эрк, жөндөмдүүлүк керек да
Айсулуу Мамашева бойдок эмес да, турмушка чыкты деп окугам.
lionna,
Саламатсызбы! Маалымат такталып, каармандын өзүнүн айтуусу боюнча берилген.
Автор : Айзат Болотбек кызы
Оператор : Мелис Маматкулов