Бүгүн, 11-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары шаардын мэрин шайлашты. Бишкек шаардык кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы шаар мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин, КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынан турган көпчүлүк коалициясы Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүшкөн. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Албек Ибраимов 29 добуш топтоп кайрадан мэр болуп шайланды. Ал эми атаандашы Нурдин Абдылдаевди 12 депутат колдосо, экөөнө тең каршы белгиси 2 бюллетенге коюлган.
Комментарийлер (1)
Эмне болсо да ийгилик,борборубузду гулдотуп,проблемаларын чечет деп жакшы умут кылып тура берели
Автор : Кызжибек Раимова
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу