Түштүк Кореяга виза ачтыруу үчүн "Бишкек Альянс ЛТД" агенттигине кайрылып, миң АКШ долларынан жети миң АКШ долларына чейин акча берип, кийин агенттикти да, анда иштегендерди да таппай калдык деген жарандар редакциябызга кайрылышты. Айтымдарында, агенттик жарандардын аты-фамилиясын өзгөртүп, үй-бүлөлүүлөрдү ажыраштырып, аларды корей улутундагы жарандарга баш коштуруп, этникалык корей катары документ жасап, 2 жуманын ичинде Түштүк Кореяга жөнөтмөк. Бирок азыр бул агенттиктен дайын жок. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Учурда 16 жабырлануучу ИИМге жана УКМКга арыз менен кайрылган.
Комментарийлер (3)
Айланайындар жакшы айттынар,биз да берейин деп калдык эле 7000$.
Айланайындар 7000 $ болсо Кыргызстанда деле бизнес кылсанар болот Азыр андай агенттиктер кобойуп кетти Этиет болгула
Кудай сакта мынча адамдар бузулуп баратат)))
Автор : Перизат Музуратбекова
Оператор : Айбек Алимов, Мундуз Нурланбек уулу