Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында жайгашкан тойканаларга атайын рейд жүргүзгөн. Анын алкагында салык кызматкерлери салык мыйзамдарын бузган операторлорду, фотографтарды жана тамадаларды аныктаган. Текшерүүлөр той болуп жаткан мезгилде өткөндүктөн, белгилүү алып баруучу Бакыт Байсариев, Урмат Борченов, Майрамбек Осмоновдор патенттерин жана салык төлөгөндүгү тууралуу квитанциясын көрсөтө алган эмес.
Комментарийлер (6)
Асыла турганыңар тамада калды эле! Мамлекет пайда алып келбесеңер да зыяныңарды тийгизбегиле! Эл өзү оокат кылып жатат! Эми патент деп тамадалык таштап бош жүрө беришсинби! Урмат менен Каниет дурус айтыптыр! Коркпогула жаштар! А беркилер болсо калчылдап араң жооп бериптир.
meninmekenim, патент төлөмү тамаданын 1 айлык тапканына барабар болбойт да. Салык кодексин жакшылап окусан боло замандаш. Базарда, бутиктерде соода кылгандар, өтүкчүлөр, машина оңдогондор ж.б. патент төлөп эле бир жакшына оокаттарын кылып жүрүшөт. Мамлекетибизге салык төлөө патент алып иштешсин тамадалар дагы.
Ырчы, бийчилер дагы толушу керек. Себеби алар деле акча таап жатат да. Мен туура эле карайм. Болбогон акчадан качпай, мыйзамдуу турдо иштеши керек.
Мамлеккеттик ишканада 30 кун иштеген маянасын тамадалар ырчылар бир кундо элэ табатта петтент тологондор жакшы
Толошсун 100000деп акча таап атышат!!!
Айылда дыйкандарда салык толойтго унчыкпай эле кыйналып пешене тер менен тапканын толоп журушот булар да толош керек
Автор : Илимбек Туратбек уулу
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу