Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарында "Таза шайлоо" тынч митинги өттү. Митингге 500гө жакын адам келди. Башында акция Ахунбаев - Шабдан-баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги "24-март" скверинде башталып, бирок уюштуруучулардын суранычы менен иш-чара скверге жакын жайгашкан Ботаникалык сейил бакта уланды. Анда катышуучулар "Бийлик булагы - эл", "Административдик ресурска жол жок!" деген жазуулары бар плакаттары менен турушту.
Автор : Максат Орозумбетов
Оператор : Мундуз Нурланбек уулу