Статистика боюнча Кыргызстандагы ар бир алтынчы үй-бүлө ажырашат. Жаш жубайлардын ажырашуусу эмнеден келип чыгат? Дегеле үй-бүлөнү сактап калуу аялынанбы же күйөөсүнөнбү?Бул суроого жоопту Бишкек шаарынын тургундарынан сурап көрдүк.
Комментарийлер (7)
Эки тараптан да коз каранды,бир адам аракет кыла берсе чарчайт,майнап да чыкпайт.
Албетте ар бир инсан бактылуу болууга татыктуу.Ар бир инсан бул турмушта ордун таап,бактылуу мүнөттөрдү өткөрүп,жылмайып жүргөнгө эмне жетсин?! Албетте турмуш оңой эмес ошон үчүн күнөө ар бир адамдын өзүндө деп ойлойм.Жан шерикти туура тандоо,эки үч ай сүйлөшүп бири-бирин жакшы билип билбей үйлөнүшөт.Анан секинден түшүнбөстүктөр боло баштайт.Баардыгы ушундан башталат.Жети өлчөп бир кесип,шашпай таразалап,терең ойлонуп турмуш курсак менимче кемчиликтер аз болот деп ойлойм.Сабырдуу болуш керек!!!
Биринчи Аялдан коз каранды деп ойлойм
Batma08, куйоосу уй-булосун бакпай ичип келип ур-токмоктоп,согуп турса да токмогун жеп жашай береби эленер? Строго экоонон тен коз каранды.
Көбүрөөк эркектен көз каранды. Аял ар нерсени сүйлөй берет да. Биринчи айтып алып, анан ойлонот. Эркек биринчи көп аракет кылыш керек .
Автор : Айтолкун Анапия кызы
Оператор : Кайрат Сарбагышов