Казакстанга кире албай кезекте турган унаалар, нааразы болгон айдоочулар

;
Оор жүк ташыган айдоочулар Казакстандын аймагына кире албай "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында узун кезекте турганына эки жума болду. Алгачкы күндөрү 50дөй унаа кезекте турган болсо, учурда алардын саны 200дөй.
Казак бийлиги бул жагдайга арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилүүдө. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленген. Бирок буга айдоочулар каршы пикирде. Толугу менен видеодон көрүңүз.
Комментарийлер (1)
Sajakat14
2019-04-03 02:32:48
Казак кыргыз бир тууган болбой калдыбы? деген суроо келет экен ушундай мамиледен кийин. Кыргызстан сууну жибербей койсун.
0
Автор : Жамалидин Парманкулов
Оператор : Мухамадзиямидин Турдубек уулу
Оор жүк ташыган айдоочулар Казакстандын аймагына кире албай "Ак-Тилек-Автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында узун кезекте турганына эки жума болду. Алгачкы күндөрү 50дөй унаа кезекте турган болсо, учурда алардын саны 200дөй.
Казак бийлиги бул жагдайга арадан 10 күн убакыт өткөндөн кийин гана түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, тыюу салынган товарларды ташуу фактыларын аныктоо үчүн мониторинг жүргүзүлүп, керектүү учурларда унаалар дыкат текшерилүүдө. Ошол эле учурда жүк ташуучулар өздөрү чек арадан өтүүнү каалабай жатышканы белгиленген. Бирок буга айдоочулар каршы пикирде. Толугу менен видеодон көрүңүз.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан