Бүгүн, 8-августта Кой-Таш айылында экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч органдары тарабынан кармоонун 2-операциясы жүргүзүлдү. Кечээкиге салыштырмалуу бүгүн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн гана эмес, Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынын чыга беришинен тартып жолуктурууга болот. Аталган аймактан тартып Кой-Таш айылына чейин 6-7 жерге блокпосттор коюлуп, ар бирине 50дөн 200гө чейин милиция кызматкерлери калкан жана куралдары, атайын кийимдери менен даярдыкта тургузулган. Алар ар бир унаага көз салып, өтүүгө тыюу салып жаткан да учурлары болду.
Автор : Амирбек Исмаилов
Оператор : Руслан Алыбаев