КЫШКЫ САЛАТТАР

Күз мезгилинде айымдардын баары кыштын камын көрүп, билген салаттарын жасап киришет. Айымдарга жардам иретинде биз өзгөчө оригиналдуу салаттардын рецепттерин, анда колдонуучу кээ бир пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.

БАКЛАЖАН ЗАКУСКЕСИ

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 5 кг
Кызыл калемпир – 1 кг
Сарымсак – 300 гр
Укроп – 1 тутам
Уксус (9) – 200 мл
Кумшекер – 100 гр
Өсүмдүк майы – 1 л
Туз – 100 гр
Ачуу калемпир – 3-4 даана

Даярдоо жолу:

  1. Баклажанды тегерек кылып кесип (калыңдыгы 2 сантиметр), туздап, жарым саатка тыныктырып коёбуз.
  2. Калемпирди, ачуу калемпирди, сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, кумшекер, уксус жана татымына жараша туз кошуп, жакшылап аралаштырып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарар замат майда тууралган укропту кошуп, аралаштырып, муздаганча коё турабыз.
  3. Туурамжыбыз муздаганча баклажандын эки жагын майга кызарта кууруп алабыз.
  4. Анан баклажандын ар бир кесимин алдын ала даярдалган туурамжыга малып, банкага тизип салабыз.
  5. Толгон банканы мискейдеги сууга сыртынан 20 мүнөт кайнатып, темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

Баклажан – аз калориялуу жашылча болгондуктан, толуп кетүүдөн сактайт. Анын курамында калий көп болгондуктан, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Мындан сырткары бөйрөк, боор, атеросклероз, остеохондроз, муун, жүрөк-кан тамыр ооруларына пайдалуу азык. Баклажан заара кубалоочу касиетке да ээ.
Сарымсак менен пиязды дайыма ченеми менен колдонгон адам жоон ичеги рагына жана жүрөк ооруларына чалдыкпайт. Аталган жашылчалар кандын курамындагы холестеринди азайтып, клеткалардын эрте картаюусунун алдын алат. Бул жашылчаларды чийки жеген өтө пайдалуу.

БАКЛАЖАН ТУУРАМЖЫСЫ ТОЛТУРУЛГАН КАЛЕМПИР

Керектелүүчү азыктар:
Болгар калемпири – 10 даана
Помидор ширеси – 1,5 литр
Баклажан – 500 грамм
Сабиз – 3 даана
Пияз – 2 баш
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Даамына жараша туз

Даярдоо жолу:

  1. Баклажанды жууп, кабыгын аарчып алабыз. Андан соң аны чарчы кылып туурап, майга кууруйбуз.
  2. Пияз менен сабизди аарчып, сүргүчтөн өткөрүп, чогуу кууруйбуз. Кийин аны куурулган баклажан менен аралаштырабыз.
  3. Эми калемпирдин арт жагын кесип, уругунан тазалайбыз. Тазаланган калемпирди кайнак сууга 3-5 мүнөткө салып алып, муздатып алабыз. Анан ичин туурамжы менен толтуруп, алдын ала бууланган банкаларга тизип чыгабыз. Анан үстүнө томат ширесин куюп, банканын сыртынан кайнатабыз. 3 литрлик банканы 30 мүнөт, 2 литрликти 20 мүнөт, 1 литрликти 10 мүнөт. Убакыт бүткөн соң темир капкак менен бекитип, көмкөрүп, жылуу ороп коёбуз.

Болгар калемпири С, А, В1, В2, В6, РР витаминдерине бай. Бул витаминдер кызыл жана сары түстөгү калемпирлерде көп болот. Болгар калемпиринин курамында минералдык туздар, натрий, темир, цинк, йод, фосфор, магний бар. Аталган жашылча чачтын өсүүсүнө, көрүү органдарына пайдалуу. Өзгөчө кант диабети, аз кандуулук, остеопороз дартына чалдыккандар үчүн эң керектүү азык. Иммунитетти чыңдайт.

КҮРҮЧ КОШУЛГАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 килограмм
Баклажан – 1 килограмм
Пияз – 500 грамм
Сабиз – 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Сарымсак – 3-4 баш
Күрүч – 1 стакан
Уксус – 1 аш кашык (жарым стакан сууга аралаштыруу керек)
Татымына жараша туз

Даярдоо жолу:

  1. Күрүчтү чала бышырып алабыз.
  2. Помидорду жууп, эт өткөргүчтөн өткө­рүп шире даярдайбыз.
  3. Калган жашылчаларды да жууп-тазалап, туурап, майга кууруп алабыз.
  4. Анан жашылчалардын баарын помидор ширесине салып, даамына жараша туз, кара мурч кошуп, 15 мүнөт кайнатабыз. Андан соң күрүчтү салып, дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Оттон чыгарарда уксусту жана сарымсакты кошуп 5 мүнөт кайнатып, бууланган банкаларга куюп, жаап коёбуз.

Помидор С, В1, К жана РР витаминдерине бай. Помидордун курамындагы ликопен заты рак, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат жана мээнин иштешин жакшыртат. Ошондой эле помидор бөйрөк, атеросклероз ооруларына даба. Мындан сырткары бул жашылча тамакты бат сиңиртүүчү, көңүлдү көтөрүп, депрессиядан чыгууга жардам берүүчү касиетке ээ. Ал эми сулуулук жаатында терини жашартып, бырыштарды жазат.
Сабиз организмди А витамини менен каржылап, көз жана териге өтө пайдалуу жашылча. А витамини сизди рак, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактап, сөөгүңүздү бекемдейт.

АЛМА ЖАНА САБИЗ АДЖИКАСЫ

Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 1 килограмм
Алма – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Ачуу калемпир – 3 даана
Сарымсак – 3 баш
Кумшекер – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Укроп – 1 тутам
Даамына жараша туз

Даярдоо жолу:

  1. Бардык жашылчаларды жууп-тазалап, эт өткөргүчтөн өткөрүп алабыз.
  2. Анан баарын аралаштырып, 2 саат жай отто кайнатып, бууланган банкаларга куюп, капкагын жабабыз.

Алма карылык менен чогуу өзүнөн өзү пайда болуучу ар кандай оорулардан, бүкүрөйүү, эс-тутумдун бузулушу, жакшы сүйлөй албай калуу жана башка оорулардан сактайт. Көпчүлүк пайдалуу витаминдер алманын кабыгында экенин да унутпаңыз.

Билип ал

УКСУСТУН ПАЙЫЗЫН КАНТИП АНЫКТОО КЕРЕК?
Базарларда, дүкөндөрдө көбүнчө 80, 70 уксустарды сатышат. Сизге 9 же 3 уксус керек болду дейли. Аны кантип даярдайсыз?

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Аида
2011-09-05 22:44:53
чоон рахмат созсуз жазып алам жана турмушта колдонууга аракет кыламын.
+1
Sezy
2011-09-06 01:53:12
Икраны кантип жазайт? Айтып койгулачы.
+1
gulzaatkai
2011-09-08 17:03:23
рахмат мен да окуп кичине болсо да тажрыйба алдым кунумдук жашоомдо колдоном.
+1
arzuu1
2011-09-20 00:13:28
Жакшы рецептер экен, аш-канамдагы меню тизмесине кошуп койдум, келечекте ото керектуу нерселер, айрыкча келин болуп башка уй-булого барганында ;) рахмат super info гезитине.
+1
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан