ЖАЙДЫН ДААМЫН КЫШТА СЕЗ

Кышкы салаттарды жаап бүттүңүз. Бирок бош банкаларыңыз калып калды. «Эми буларга эмне жапсам?» деп баш катырып жатасызбы? Анда төмөнкү рецепттер сизге жардамга келет.

ТӨӨ БУУРЧАК САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Төө буурчак – 1 литрлик банкада
Баклажан – 2 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Помидор – 3 килограмм
Сарымсак – 3 баш
Ачуу калемпир – 1 даана
Өсүмдүк майы – 2 стакан
Кумшекер – жарым стакан
Уксус (9) – жарым стакан
Лавр жалбырагы – 5 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо жолу:

    1. Алгач төө буурчакты жууп, таза бышырып алабыз.
    2. Жашылчалардын баарын жууп, калемпирди, сабизди, сарымсакты аарчыйбыз.
    3. Помидорду эт өткөргүчтөн өткөрөбүз.
    4. Баклажанды кубик түрүндө туурап, туздуу сууга 30 мүнөт чылап коёбуз. Ал эми калемпирди чарчы кылып туурап даярдайбыз. Сабиз менен сарымсакты сүргүчтөн өткөрүп алсак болот.
    5. Мискейге өсүмдүк майын куюп, тууралган жашылчаларды, помидор ширесин, төө буурчакты, кумшекер, лавр жалбырагын кошуп 25-30 мүнөт кайнатабыз. Аягында уксусту куюп, бууланган банкаларга куюп, бекитебиз.


ФАРШТАЛГАН БАКЛАЖАН

Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 5 даана
Сабиз – 400 грамм
Болгар калемпири – 400 грамм
Ачуу калемпир – 1 даана
Сарымсак – 1 баш
Укроп, петрушка – 1 тутам
Татымына жараша туз

Даярдоо жолу:

  1. Бардык жашылчаларды жууп даярдайбыз. Баклажандын арт жагын кесип, узатасынан аягына толук жеткирбей тилип алабыз. Андан соң аны өтө туздуу эмес сууда 7-8 мүнөт кайнатып (суу кайнап чыккан убакыт эсептелет), муздаганча коё турушубуз керек.
  2. Сабиз, калемпир, сарымсакты тазалап, жууйбуз.
  3. Тазаланган калемпир, сарымсак, укроп, петрушка майда тууралса, сабиз сүргүчтөн өткөрүлөт. Тууралган жашылчаларга татымына жараша туз, мурч кошуп, жакшылап аралаштыруу зарыл.
  4. Даяр болгон туурамжы менен баклажандын ичин толтуруп, чыгып кетпеши үчүн чыгырык жип менен оройбуз. Андан кийин 1,5 литр муздак сууга 3 аш кашык туз, 1 аш кашык уксус кошуп аралаштырып, баклажандын үстүнө куюп, оор нерсе менен бастырабыз. Бул салат эки күндөн кийин жегенге даяр болот. Аны банкаларга салып, муздак жерде 3-4 айга чейин сактаса болот.


КЕТЧУП

Керектелүүчү азыктар:
2-2,5 литр кетчуп үчүн:
Кыпкызыл помидор – 5 килограмм
Кызыл калемпир – 10 даана
Пияз – 1 килограмм
Кумшекер – 2,5 стакан
Уксус (9) – 1 стакан
Кара тоголок мурч, калемпир мончок (гвоздика) – 5-8 даанадан
Крахмал – 1 аш кашык

Даярдоо жолу:

  1. Жашылчалардын баарын жууп-тазалап, чоң-чоң туурап казанга салып, жай отто 2 сааттай кайнатабыз. Буга кара тоголок мурчту жана калемпир мончокту кошууну унутпаңыз.
  2. Даяр болгон аралашманы электен сүзүп өткөрөбүз.
  3. Алынган ширеге туз, кумшекер салып 20 мүнөт кайнатабыз. Андан соң муздак сууга эзилген крахмалды куюп, 5 мүнөт отто коё турабыз. Чыгарарда уксусту куюп, банкаларга жаап коёбуз.


Окурмандардан кеңеш

ЫСЫК ТАМАКТАР ҮЧҮН КОШУЛМА

Керектелүүчү азыктар:
Сабиз – 5 килограмм
Болгар калемпири – 2 килограмм
Укроп – 2 чоң тутам
Туз – 1 килограмм

Даярдоо жолу:
Сабизди жууп-тазалап, сүргүчтөн өткөрөбүз. Калемпирди жууп, уруктарын тазалап, майда кылып тууроо керек. Укропту да жууп, кургатып, майда туурайбыз. Бул жашылчалардын баарын чоң идишке салып, тузду кошуп жакшылап аралаштыруу керек. Андан кийин таза, кургак банкаларга ныктап салып, идиштин астында калган ширеден куюп, желим капкак менен жаап муздаткычка салып коюу туура. Фатима Каратаева, Бишкек шаары.

ЛАГМАН СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 5 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 3 килограмм
Жандоо – 1 килограмм
Сарымсак – 3-4 баш
Кытай капустасы – 1 баш
Сельдерей – 2 тутам
Татымына жараша туз

Даярдоо жолу:
Помидорду эт өткөргүчтөн өткөрүп, ага узундугу 2-2,5 сантиметрден тууралган жандоону салып 10 мүнөт кайнатабыз. Андан кийин төрт чарчы тууралган капуста менен калемпирди, кийин сельдерейди, сарымсакты салып дагы 10 мүнөт кайнатабыз. Аягында татымына жараша туз салып, банкаларга жаап койсоңуз болот. Жолдубаева Токтокан, Бишкек шаары.

АЛМА КАКТЫ КАНТИП ТУУРА КУРГАТУУ КЕРЕК?
Алма как жасоодо бир алманы 6-8 бөлүккө бөлүп, туздуу сууга бир малып жайсаңыз, как бат кургайт. Ошондой эле бул жол менен кургатуу какка бат курт түшүп кетүүдөн сактайт. Абдумиталипова Айнагүл, Баткен облусу.

Урматтуу окурман,
а сиз кандай ашкана сырларын билесиз?

Эгер сизде тамак-аштын оригиналдуу рецепттериңиз, ашкана сырларыңыз
болсо, анда бизге, kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазып
же 0 (312) 32-33-27 номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Рецебиңиз менен кошо сүрөтүңүздү, телефон номериңизди жөнөтүүнү унутпаңыз.
Кызыктуу рецепттер гезит бетине жарыяланып турмакчы.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Damira28
2011-09-26 15:09:55
кетчуп точно суроттогудой болот бекен ээ?
0
operaledi
2011-09-26 17:41:11
Сонун! Рахмат!
0
№ 464, 23-29-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан