ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Аскардын жүрөгү бул ирет катуу кармады. Араң дегенде ажалдын оозунан алып калышты врачтар. Өзү өлүм дарбазасынын алдында турганын ойлоп деле койгон жок. Ойлогону эле Азирет! Кандайча? Эмнеликтен ал Аскатка окшош? Окшош эле эмес, тамчы суудай окшош. Палатасынын алдында ойлуу басып жүргөнүн көргөн врач аны колтуктан алды.
– Сизге азыр тынчтык керек. Жатып, эч нерсени ойлобой дем алыңыз, Аскар Токтосунович.
– Эй, иним, силердин куракта эч нерсени ойлобой эс алганга болот. Азыр ойлобоюн десең да ойлор токтобойт экен. Баса, мени тезирээк чыгар, иничегим.
– Жок, азыр таптакыр болбойт. Жок дегенде...
– Мен үйдөн бардык уколдорду алып турам. Кыйчалыш ишим бар. Үйгө барышым керек. Жок, күтө албайм мен...
Аскардын үнүнөн эле анын артка кайтпасын сезген врач башын чайкап алды. Бул ушундай киши. Көжөлүп туруп алса, ийге келбейт. Аскар үйүнө чыгып келери менен Бегимайга байланышты. Азиретке жолугушу керек экенин айтты.
– Аскар агай, азырынча, балким, жолукпай турасыздар. Менин башымдан өттү го. Азиретти карап туруп, соо турган менин жүрөгүм калчылдап чыгат. Сиздин жүрөгүңүзгө оордук келтиргим келбеди.
– Бегимай, кызым, менин абалымды сен, сенин абалыңды мен түшүнбөсөм, ким түшүнөт?! Айтчы, сен чыдай алар белең?.. Эч нерсе кылбай, эч нерсени көрбөгөндөй, билбегендей болуп койгонго?..
Аскардын үнү каргылданып кетти. Бегимай андан аркысын чыдап уга албайт эле. Азиретти ээрчитип барарын айтып, телефонду тез коё салды. Азирет менен тез байланышып, жолугушууну суранды. Жакасын жагжайта ачып, кең арыш менен өзүнө жакындап келе жаткан жигитти көргөндө кайда качарын билбей калды. Бул жигиттен чындыгында коркот. Өрттөн корккондой...
Тиги кадимкисиндей жылмайып күлүп келе жатты.
– Салам!
– Кандайсың, машинага түш!
– Кайда барабыз?
– Аскар агайга. Ал сени чакырып жатат.
Көпкө чейин үн катпай барышты да Азирет акырын сөз баштады.
– Бема, кечирип кой мени. Өткөнкү жоругум үчүн...
– Ал эми сага көнүмүш адат да...
Бегимайдын ызалуу үнүн байкаса да эч нерсе деген жок. Машина зуулдап Аскардын үйүнө келе жатты.
Аида күйөөсүнүн капысынан ооруп калганына кабатырланып отурду. Анткени ал эми дайым үйдө болот эмеспи. Кабагы түнөрүп, нары-бери басып жүргөн ал дарбазанын алдына келип токтогон машинаны көрдү. “Аскардын ден соолугун сурап келгендер болсо керек. Эми булар да тындырбайт” деп кыжырланып жатты. Эшиктен Аскардын жан сакчыларынын биринин жана жаш кыздын үнү чыгып жатканын байкады да, ордунан тура жөнөдү. Дал ушул мезгилде эшик шарт ачылып, босогодон Азирет кирип келе жаткан эле.
– Аскат! Жок, болушу мүмкүн эмес...
Аида кыйкырып жиберип, кимдир бирөөдөн калкалангандай эки колу менен башын кучактап отура калды. Азирет өзүнүн абалына жини келип, эчен-эчен чыгып кеткиси келип турду. Жок, чындыгында, арбак көргөнсүп баарынын үрөйү учкан көрүнүш канчага чейин созулат?!
Нары жактан көрүнгөн Аскардын салмактуу үнү чыкты.
– Кечирип койгула, мен аялыма айтпай калыпмын. Сырдашып отурганга кийинки кездери экөөбүздүн тең убактыбыз тар болуп жүрөт. Ушундай эмеспи, Аида?
Аида үн ката албады.
– Жүргүлө, бул жакка киргиле, балдар...- деп өз кабинетине алып кирген Аскар үй кызматчысына чай алдырды. Алдында отурган жигитке мээримдүү тигилип турду.
– Азирет... Чоң жигит, атың Азирет дечи...
– Ии...
– Биздин шаар көңүлүңө жактыбы? Эмне, иштер менен келдиң беле?
– Каникулдун эсебинен эле эс алып келейин деп... Анын үстүнө мен кичине кезимде кеткен экем Кыргызстандан. Кызык болду, эл-жеримди көрүш... Эми жакында кайрадан жол тартам.
– Ата-апаң барбы?
– Атам мен кичине кезимде эле кайтыш болуп кетиптир. Апам ал тууралуу эч нерсе айткан эмес. Апам “бизди Кыргызстанда кучак жайып күтүп турган эч ким жок” деп коёт. Ал жакка биротоло көнүп калган, мени да жибергиси жок. Бирок бул жолу апамдын уруксаты жок эле баса бердим.
– Атаңдын бир туугандары жок бекен? Алар менен жолугушсаң болбойбу? Кааласаң, мен таап берем...
– Жок, жөн эле коюңуз. Мен бул жакка туугандарымды деле издеп келбедим. Анткени атам жалгыз уул экен. Карыган ата-энеси да өлүп калса керек. Мен Бегимай менен Алинанын чакырыгы менен келгем. Сиздин уулуңуз менен өзүмдөгү окшоштуктун түйүнүн чечем деп ойлогом. Бирок бекер эле келипмин. Сиздердин баарыңыздардын жүрөгүңөрдү оорутуп...
Ал күнөөлүү боло Бегимайды тиктеп койду. Бегимай да ыңгайсыздана түштү. Тамагын кыра жөтөлүп алып кетүүгө уруксат сурады.
– Аскар агай, сыртка чыгып турайынчы. Азирет, мен сени сырттан күтөм,- деген ал жооп күтпөстөн сыртка бет алды. Сыртка чыгып бара жатып Аида дагы деле башын кучактап бир чекитке тигилген боюнча отурганын байкады.
– Эже, сиз түшүнбөй калдыңыз окшойт. Бул... Бул Аскатка окшош жигит... Кечириңиз, сизди жаман абалда таштадык. Бирок Аскар агай айтты го деп ойлогом.
– Ким бул? Неге келди?- деп чаңырып жиберди Аида.
– Мен да билбейм, эже, келбей койсо, балким, баарыбызга жакшы болот беле деп да ойлоп жүрөм,- деди шалдырай үн каткан Бегимай.
Чын эле, Азиреттин келиши менен өзүнө эле кыйноо тапты. Андан ары сөз уланбагандан улам сыртты көздөй бет алды. Ал эми бөлмөдө калган экөө бири-бирин тиктеп көпкө отурушту.
– Атаңдын аты ким, Азирет?
– Менин таң калганым, агай, сиздин уулуңуз менен фамилиям окшош экен. Атамдын аты – Аскар. Токтосунов Азирет Аскарович...
Аскар көкүрөк тушун мыкчый берди. Оо, Жараткан, бул дагы не деген табышмагың?.. Колдору менен араң таблеткасын таап оозуна салды да, өзүн токтото үрөйү учуп турган Азиретти жоошута сүйлөдү.
– Коркпо, уулум, азыр өтүп кетет. Иттики, ушундай болуп калбадыбы...
Араң туруп барып, нары жактан альбом көтөрүп келди да, Азиреттин колуна берди.
– Сен... муну байкап көрчү, балам. Балким, сага тааныш бирөө болуп жүрбөсүн?..
Азирет фотоальбомду калуна алып, барактай баштады. Бир сүрөттү көпкө кадала түшүп карады да, колуна алды.
– Апамдын сүрөтү бар экен сизде... Кызык...
– Апаңдын аты... Ал – Мариям эмеспи?
– Ооба, Токтосунова Мариям Дүйшеевна!
Аскар көзүн жума салды. “Мына, мына сага тагдыр. Мариям, биз да көрүшөт экенбиз да... Эчен жыл өткөн соң. Мына муну тагдыр дебей не дейбиз? Азирет, демек, менин уулум! Азирет менен Аскат... экөө тең менин уулум!”
Эркектер көп учурда ыйлабайт. Алар табиятынан ушундай эмеспи. Эгерде табияты башка болгондо Аскар азыр ай ааламга кыйкырык салып, боздоп-боздоп ыйласа керек эле. Текке кеткен жашоосуна, кан чыгарбай мууздаган тагдырына, эчен-эчен жолу кайрылбайм деп жаап койгон жолдоруна өкүнүп, башын койгулап ыйламак болсо керек. Азыр анте албады. Жүрөгүн гана мыкчып, эмне болуп кеткенин түшүнө албай отуруп калды. Ал эми алдында андан да дендароо болуп өңдөн кеткен Азирет...

xхх

Алина телефонун тыңшап отуруп тажап кетти. Азиретке чалып жаткан. Бир жолу алып “бошобой жатам” деген боюнча телефонун көтөрбөй койду. Биринчи Азирет келгендеги кубанычында чек жок болчу. Күнүгө жанында, чогуу... Чын эле экөөнүн көп жерлери окшош болчу. Табити, жашоо образы, ар дайым тынып-тынчыбаган ойноок кыялы да окшош эле. Экөө чогуу жүргөндө күндүн кантип өткөнүн билбей калышчу. Анан эмне болду? Бардыгы эле мурункудай сезилчү. Бирок... Азиреттин көңүлү башка жакта болуп эле калды. Сүйлөшүп жатса деле көзү менен издегени башка.
Себеби Бегимай деп ойлоюн десе, ал Азиреттен оттон качкансып качып жүрөт. Бир канча жолу Азиреттин сунушу менен киного чакырды эле, караманча барбай койду. Башка ким? Шаарда эч ким менен тааныш эмес. Ал эми өзүнө күндөн күнгө Азиретсиз жашоо токтоп калчудай сезилип жүрөт. Ушундай ойлорго кабылып, өзүнөн-өзү кыйналып келе жаткан. Алдынан чыккан курбусу ой-боюна койбой кафеден тамактанабыз деп ээрчитип алды.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
toha
2011-10-17 19:55:15
Кызыгы алдыда болтатко. Дагы 1 жума кутобузбу? Карып кетпесек эле болду хе-хе. Аиданын колу бар окшойт менимче.
0
tea23
2011-10-17 22:28:20
Emne bolup askar menen mariya ajyrashyp ketishti eken. Super info jok degende oshol kantip ajyrashkanyn jazyp turup buturboit belener emi jurok ooru bolup bir juma kutushum kerek :(
0
Arstan
2011-10-17 23:59:43
Кутобуз бир ай болсо да айла жок.
0
talasik
2011-10-18 02:43:31
тагдыр ошонусу менен кызык
0
Aidanek
2011-10-18 12:46:48
Качан бутот эми....Адамды олтургону калдыгооооо.......
0
sali.chika
2011-10-18 12:56:09
Аида заказ берип олтурткон да болбосо эмнеге анчалык Азиретти коруп жинденмек,жакшы ою болсо Аскарга жардам кылмак да
0
subaruchan
2011-10-18 14:24:36
ммм да, версиялар туура чыгып келе жатат. мунусунда Супер инфо супер кыска жазыптыр. мындан мурункулары кобуроок болчу...
0
aiz
2011-10-18 15:18:23
Менин оюмча Аида Аскатты жакшы корчу, Бегимайдан кызганып олтуртуп койгон
0
toktokan
2011-10-18 15:25:32
Тагдыр ошонусу менен татаал, чырмалышып калган жиптей болуп, тубу чексиз, тушунуксуз...
0
MJK
2011-10-18 22:37:52
мдааа, Аскат колдун жээгинен коргон кыз Аида болуш керек...
0
ezsuyu
2011-10-19 01:26:08
adam 1 kadamynan adawsa omur boyu kynalywy mumkun
0
jazim
2011-10-19 12:23:37
Чыгарма кызыгына келип калды мындан кийин эмне болоор экен деп чыдамсыздык менен кутом кийинки санын
0
pupsik_asia
2011-10-20 08:41:20
Ооба аябай кызыгына келип калды,эми бир жума кантип кутобуз ичим бышып кетет го кечке ойлоно берип
0
janym_88
2011-10-21 14:42:26
Аскатты Аида олтуртсо керек деп ойлогон элем,эми кызыгына келгенде бутуп калды дааа
0
Batken
2011-10-21 18:22:03

интернетте таанышканда эмне суротту коруп тан калганда же Фамилиябыз окшошго дебей мог бы догодаться логикакага жатпай калыптыр нестыковка,ЛАЖА го балким киинкисинде ушунун туйуну чечилер
0
№ 467, 14-20-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан