(Башы өткөн сандарыбызда)
Абал адамды өзгөртөт. Аскар эркиндикте жүргөндө дүйнөдө адилеттик жашаарына ишенчү. Соттун акыркы мүнөттөрүнө чейин ишенди. Ишеними сынган соң ошол күндөн тартып башкача адам болуп өзгөрүлдү. Түрмө аны таш боор, сак, кашкөй адамга айландырды. Бирок ошондо да адилет сүйлөп, ак иш кылгандан кайткан жок. Анын түз сөзүнө, тыкан жүрүш-турушуна, айрым жерлерден айткан акылына таң бергендер айланасына чогула баштады.
Тез эле ал тууралуу кептер түрмөдөгү авторитеттин кулагына жетти. Сыртынан байкап жүрүп, кийин өзүнө тарта баштады. Ага баарынан Аскардын түрмөдө жүрсө да чөкпөй, элге окшоп чефир ичип, нашаа тартпай жүргөнү жакчу. Ар дайым денесин машыктырып, эртең мененки көнүгүүлөрдү үзбөй жасап, колуна тийген китепти, гезитти жантыгынан жата калып окуп жүргөнүн байкачу. Бир күнү бул тууралуу сүйлөшүп калышты.
– Сен биз мененсиң. Бирок кылмышкерлер дүйнөсүнө таптакыр коошпой турасың. Же жалган айтамбы?- деди.
Аскар күлүп койду.
– Мен кылмыш кылган эмесмин,- деди жөн гана.
– Эркиндикке чыккың келеби?- тигинин үнү дагы деле эч нерсе болбогондой жай.
Аскардын жүрөгү дикилдей согуп, апкаарып кетти. Оюнда “эх, андай болсо кана?! Үй-бүлөмдүн маңдайына тирүү барсам... Ата-энемди тирүү көрсөм, Мариямдын алдынан өтүп бир кечирим сурасам... Баламдын жүзүнөн өпсөм... Ушул нерселерди кыла алсам, дүйнөдө мендей бактылуу жан болбос эле” деп жатты.
Кашка баш Самат анын жүзүн тиктеп туруп, кандай ойлор сапырылып кеткенин байкады.
– Сени эркиндикке чыгарып, келечегиңе кам көрүш, ишенимдүү адамдарга тапшырыш колумдан келет. Дагы айтам, сен кылмышкер дүйнөсүнө жат адамсың. Сени канчалык аракет кылсак да өзгөртө албайбыз. Сен бизге сырттан көбүрөөк пайда алып келишиң мүмкүн.
– Сиз чындап менин эркиндикке чыгышыма көмөк көрсөтө аласызбы?- деди Аскар. Үмүт оту жанып, не ишенерин, не ишенбесин билбей алдастап кетти.
– Мен кааласам баарын кыла алам. Бирок бир шарт менен... Сага жол көрсөтсөк, көп нерсеге жетишесиң. Бирок ошол учурда сени кимдин колу ал жакка алып барып отургузганын, ким сенин эркиндигиңе өбөлгө болгонун унутпашың керек. Бизге сыртта таасирдүү адам болушу керек. Мен азыр кийинки 5 жылдыктын камын көрүп жатам. Сенин мага ишенимдүү адам, экинчи кол боло турган учуруң керек. Кийин колду үзө турган болсоң, билесиң, биздин кол кандай узун экенин...- деп коркутуп бүтүрдү сөзүн.
– Эгерде мени бул тозоктун отунан куткарсаңыз, өмүр бою сиздин жардамыңызды унутпайм. Бул менин жигиттик сөзүм!- деди Аскар.
Ушул убаданы берип жатып, ал өмүр бою өзүн туткундап жатканын эч түшүнгөн эмес. Аты эркиндик болгону менен, өзүн андан жаман, андан да татаал, андан да тикенектүү капаска салып жатышканын түшүнгөн эмес эле. Бир билгени, бир сезгени үй-бүлөсүнүн маңдайында болуу бактысы эле. Аскар үчүн башынан эле эң ыйык, эң бийик нерсе – үй-бүлөсү болчу. Ошентип, бир жарым жылдан кийин Аскар түрмөдөн бошоп чыкты.
ххх
Караңгыда караңдап келаткан караанды көргөн Токтосун аба таң кала токтоп калды. Тоого мындай беймаал учурда эч ким келчү эмес. Андан да жөө келе жатканы кызык. Бул маалда тоодо карышкыр деген нерсе да болот. Көздөрүн ирмеп, узакка карап турду. Караан жакындаган сайын көзүнө тааныш учурай берди. Утурлап келе жаткан караан алыстан эле кыйкырып жиберди.
– Ата-а!
– Не дейт бу?
Жүрөгү болк эткен карыя эми гана караандын Аскар экенин баамдады.
– Оо, Кудай, тилегимди бердиңби? Жалгызымдын үнү бейм? Аскарым го...
Калдастаган ал жаш балача чуркап жөнөдү. Ата менен уул демигишип, бири-бирине чуркап баратышты. Кучакташа берип, аптыга не сөз айтарын билбей, тек гана көздөрүнөн жаш төгүлүп жатты. Атасынын көз жашын Аскар ошондо биринчи ирет көрдү. Чокчо сакалынан аккан тамчылар, атасынын кичинесинен тааныш кочкул жыты каңырыгын түтөтүп жиберди.
– Ох, уулум, Кудай бар экен го. Адилеттик бар экен го...- дегенден башканы айта албай болкулдаган ата көпкө уулун кучагынан чыгарбай турду.
Аскарды ээрчитип кирип келгенде апасы очок алдында күйпөлөктөп бир нерсе жасап жаткан экен. Токтосун аба Аскарды токтотуп калды.
– Апаңа акырын айталы, балам, жүрөгү жаман неме чочуп кетпесин,- деп биринчи үйгө кирип кетти.
– Кемпир, тилегибизди Кудай берди. Эми бөксөбүз толуп, биз да бактылуу карылыкты көрөт окшойбуз.
(Уландысы кийинки саныбызда)
Жолдошбек Кудайбергенов