ЖЕМИШ БАГЫН ТУУРА БУТОО – МОЛ ТҮШҮМДҮ КАМСЫЗДАЙТ

МӨМӨ-ЖЕМИШ ДАРАКТАРЫН БУТОО ЭРЕЖЕЛЕРИ
Мөмө-жемиш дарактары мол түшүм бериши үчүн буташ керек. Бул бир жылдык көчөттөрдү отургузгандан кийинки жылы башталат. Даракты жашартуу үчүн бутоону чилде чыккандан кийин баштаңыз.
Мөмө-жемиш дарактарынын өсүүсү 4 этапка камтылат. 1-2-этап – өсүү этабы болуп саналат. 3-этап – өсүү жана мөмө берүү этабы. Ал эми 4-этабында бактын өсүүсү жогорудагы үч этаптагыдай тез эмес, тескерисинче, жай жүрөт да мол түшүм бере баштайт.
Мол түшүм берүүсү үчүн, жогоруда айтылгандай, бак-даракты көчөт кезинен туура бутоону колго алуу зарыл. Жаңы тигилген бир жылдык көчөттүн көп деле бутагы болбойт. Ал эми кийинки 2 жылда бутактардын биринчи бөлүгү өсүп чыгат. Ушул кезде көчөттү бир формада өсүүсүн камсыздашыбыз керек.
Мөмө-жемиш дарактары бийиктиги боюнча 3 түргө бөлүнөт:

1) Бийик өсүүчү – 10-12 метрге чейин.
2) Орто бийиктиктеги – 4-4,5 метрге чейин.
3) Жапыз бойлуу (карлик) – 2,5 метрге чейин.

Мына ушуга жараша бутоону баштайбыз. Алгач жерден жогору жакты көздөй узундугун ченеп, белгиленген бийиктиктен төмөнкү бөлүгүндөгү бутактарды кыркабыз.

1) Бийик өсүүчүлөрдүн 60 сантиметрден ылдыйкылары буталат.
2) Орто бийиктиктегилердин 40 сантиметрден ылдыйкылары буталат.
3) Жапыз бойлуулардын 40 сантиметрден ылдыйкылары буталат.

Кийинки жылы жогорку бөлүгүнөн жакшы өсүп келаткан 4 бутакты калтырып, калганын кыркуу керек. Аталган бөлүк түшүм берүүчү
бутактардын бөлүгү болуп саналат. Калтырылган 3 бутактын аралыгы бири-биринен 15-25 сантиметр алыстыкта жана үчөө үч тарапта
негизги өзөккө жакын жантайыңкы (тигирээк эмес) абалда болушу шарт. Ал эми 1 бутак негизги өзөктү түзүүчү катары тик болот. Бул бутактардын узундугун 3кө бөлүп, уч жагынан бир бөлүгүн кесебиз.

Түшүм берүүчү бутактарды үч бөлүккө бөлүп алуу туура. Бул "ярус формасы" деп аталат да, эң төмөнкүсү 1-бөлүк, андан кийинкиси
2инчи жана 3-бөлүктөн турат.

ЭКИНЧИ МӨМӨ БЕРҮҮЧҮ ЭТАПТА БУТАКТАРДЫ БУТОО
Үчүнчү жылы бак-дарактын бою узарып, экинчи мөмө берүүчү бутактарга ээ болот. 1-бөлүк менен 2-бөлүктүн ортосундагы бийиктик 50-60 сантиметрди түзөт. Мына ушул аралыкты ченеп алгандан кийин экинчи бөлүккө 3-4 бутак калтырып (алардын ортосундагы аралык 15-20 сантиметр болушу керек), калгандарын кесип таштайбыз. 2-бөлүктөгү бутактар 1-бөлүктөгү бутактар менен бир тик сызыкта жатпагандай болсун. Кийин мөмө байлаганда ийилип, 1-бөлүктүн бутагына минип калат. Мында дагы жаңы чыккан бутактардын учунан үчтөн бир бөлүгүн кыскартабыз.

Андан кийинки эң жогорку бөлүгү болгон үчүнчү бөлүккө 2-3 бутак калтырып, калганын кыркабыз. Мында экинчи бөлүк менен жогорку бөлүктүн ортосундагы бийиктик 35-40 сантиметрди түзөт жана бутоо төмөнкү бөлүктөрүнө окшош эле жол менен жүргүзүлөт.

ТӨРТҮНЧҮ МӨМӨ БЕРҮҮ ЭТАБЫНДАГЫ БУТОО
Бул этапта дарак формасына келген учуру десек болот. Мол жана жакшы түшүм бериши үчүн күз айларында тазалап, бутоо зарыл. Мөмөсү терилип, жалбырактары түшүп болгондон кийин сынып, чириген, кайчылаш өскөн бутактарын жана андагы чирип, жерге түшпөй калган мөмөлөрүнөн арылтуу сөзсүз болушу керек. Бул санитардык жагынан тазалоо болот да, дарактын ар кандай ооруларга кабылбашы үчүн керек. Ал эми негизги жашартуу үчүн бутоону кыштын акыркы айында, чилде чыккандан кийин баштай берсе болот. Бул учурда жаңы өскөн бир жылдык бутактарды кыскартуу жана ашыкчаларынан арылтуу иши жүргүзүлөт. Мөмө берүүчү бутактарда өйдөнү карай тик өскөн жаңы бутактар чыгат. Аларды “эркек бутактар” деп атап жүрүшөт, ал эми багбанчылыктын тили менен аларды “арам бутактар” деп атайбыз. Булар мөмө бербей өсө берет да, түшүмдү азайтууга алып келет. Себеби дарактын бутактары өсө берсе, негизги күчүн түшүм берүүгө эмес, өсүүгө жумшап коёт. Ошондуктан аталган бутактардын баарын тазалап салган оң. Арам бутактарды түшүм берүүчү бутакка айландыруу үчүн бир бутактагы кичинекей 3-4 арам бутактын бирөөсүн калтырып, анын учунан (үчтөн бир бөлүгүн) кыркып коюш керек. Ошондой эле негизги мөмө берүүчү бутактардагы бутакчалар өзөктөн 40-50 сантиметр аралыктан кийин калганы жакшы (4-сүрөт). Бул дарактын ортоңку бөлүгүнө күндүн тийүүсүн камсыздоо үчүн шарт түзөт.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН
Даракты бутаганда негизги бутактарды түбүнөн шакекче түрүндө кыркуу керек. Эгер түбүнөн эмес, бир аз илгич сымал 5-10 сантиметр калтырып кырксаңыз, ал дарак ооруларга туруштук бере албай калат. Себеби кыркылган бутактагы жараат өөрчүп кетип, өзөккө өтүп кетиши мүмкүн. Ошондой эле кыркылган жердин үстүн төмөнкү сүрөттөгүдөй кылып атайын бак майы менен майлап же мындай май болбосо, майлуу краска менен боёп коюу керек.

КҮН НУРУНУН ПАЙДАСЫ
Дарактар да жаныбарлар сыяктуу эле күн нуруна муктаж. Күн нурунан энергияны жакшы алган дарактын мөмөсү таттуу (кант бар үчүн), ширелүү жана көрүнүшү абдан жакшы болот. Күн нуру тегиз тийиши үчүн ар бир бутактагы жаңы өскөн кичинекей бутактардан тазалап коюу жетиштүү.

БУТООНУ КАЙСЫ ДАРАК СҮЙБӨЙТ?
Мөмө-жемиш бак-дарактарынын кээ бирлери бутап турууга муктаж болсо, кээ бирлери аны сүйбөйт. Алма, алмурут, шабдалы бутоого муктаж болгон мөмө-жемиш дарактары болсо, өрүктү көп кыркуу өмүрүнө зыян алып келет.
Элдер көп айтышат “короодогу шабдалы 7-8 жылдан кийин эле куурап калды” деп. Негизи, шабдалыны бутоодо бир сыр бар. Жакшы түшүм алсын үчүн бир бутагынын учун кыскартып кесип салсаң, ал бутак мөмө берүүнүн ордуна, тескерисинче, толугу менен чирип калат. Бутакты өлтүрүп албаш үчүн бир бутактагы өсүп чыккан үч бутактын ортосундагысын түбүнөн кесүү керек.

Багбандар жана бак сүйүүчүлөр үчүн кеңеш айткан К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин токой чарбасы боюнча кафедрасынын доценти, биология илимдеринин кандидаты Кубанычбек Тургунбаевге ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
A.Almaz
2012-02-27 15:03:16
En jakshy ar bir adamga kerek bolot men bilchumun ozum butap koem atam uirotkondoi kylyp menin kolumdan bak daraktar jakshy ozot dep maktap kalyshta
0
janum345
2012-02-28 19:21:05
Жакшы кенеш экен рахмат. Мага дагы чон атам сиздер айткандай бутоону уйроткон болчу.Бирок шабдалынын сырын таба албадым 3-4 жыл момо бергенден кийин кургап чирип калат ушул жонундо кененирек айта кетсениздер жакшы болмок алдын ала рахмат.
0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан