Ак дайыма караны жеңип чыгарына ишенесизби? Эгерде күмөнүңүз болсо, аталган тасманы сунуштайм. Чиеленген интригалар, жек көрүүдөн башталган ысык махабат, зордукка кабылган кыздын аргасыздыгы бул сериалдын өзөгүн түзөт. Айтор, турмуштун кооздолбогон чындыгын ушул тасмадан тапсаңыз болот.
КЫЗ ЗОРДУКТОО ТҮРКИЯДА КАТУУ ЖАЗАЛАНАТ
Эгей деңизинин жээгинде карапайым турмушу менен жашаган Фатмагүл жана Мустафа бирин-бири бала кезинен бери жактырышат. Каргашалуу бир түн болбогондо үйлөнүп, жай турмушун улантышмак. Фатмагүлдүн жалгыз агасынан башка эч кимиси жок. Аны да момундугунан жеңеси Муккадес чүлүктөп жетелеп алган.
Ошол эле шаарда Керим аттуу темир уста жашайт. Измир шаарына байлыгы ашынган Яшарандардын келиши аталган каармандардын жай турмушуна чекит коёт. Керим бала кезинен берки достору, олигархтын уулдары болгон Селим, Эрдоган, Вурал менен жолугушат. Селимдин макулдашуу никеси болуп, ичип-чегип алган жигиттер урунарга тоо таппай турганда таң азандан сүйүктүүсү Мустафаны балык уулоого узатканы чуркап бараткан Фатмагүлдү төрт жигит көрүп калат. Кыздын далбастап качканына койбой көпкөн уулдар күч колдонуп аны зордуктап салышат. Керим баарын көрүп турганы менен, кызга жардам бере албайт.
Алардын акмактыгы ачыкка чыгып калганда бай атанын уулдары Керимди Фатмагүлгө үйлөнүүгө мажбурлашат. Мыйзам боюнча, зордукталган кызга бирөө үйлөнсө, кылмыш иши жабылмак. Ушул түндөн кийин кыздын тагдыры башка нукка бурулат. Зордукталгандан кийин жигити Мустафа андан баш тартып, Керимге турмушка чыкпаса, жергиликтүү калкка шерменде болуп каларын айтып какшайт жеңеси.
Аргасыздыктан үйлөнүшкөн экөөнүн турмушу жек көрүүдөн башталат. Өзүн зордуктагандардын бири деп эсептеген Керимди Фатмагүл жек көрөт. Канаты сынган куштай жаралуу кызды Керим башта аяп жүрсө, кийин сүйүп калат. Ишеними сынган Фатмагүлдүн жүрөгүн ээлөө оңой болбойт. Акыры экөө биригип, зор империя болгон Яшарандарга, чыныгы зордукчу жигиттерге согуш ачышат. Акчалуулар менен адилеттик эрөөлгө чыгып, акыры адилеттик жеңет. Зордукчулардын бири Вурал дүйнөдөн кайтса, Селим 18 жылга, Эрдоган 21 жылга түрмөгө кетет.
ТАЛАШКА ТҮШКӨН СЦЕНАРИЙ
Сериалдын сценарийинин автору Ведат Түркали алгач бул чыгарманы китеп кылып жазган. Китептин баштапкы аталышы «Үмүтсүз таңдар» деп аталган. Бул китептин негизинде биринчи тасма 1976-жылы «Каргыш алган бул дүйнө» деп аталып, «Эрман фильм» компаниясы тарабынан тартылган. Сценарийин Эрдоган Тунаш жазып берген. Бирок китептин автору Ведат Түркали буга уруксат бербегенин айтып сотко кайрылган. Сот иши 1983-жылы аяктап, сценарийди уруксаты жок алып тартышкандары үчүн аталган компания 90 миң лирага айыпка жыгылып, төлөп беришкен.
1986-жылы «Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?» деген аталышта тасма тартылып, анын сценарийин Ведат Түркали өзү жазган. Бирок жогорку эки тасмадан да 2010-жылы тартылган 80 сериядан турган биз кеп кылып жаткан сериал алдыга озуп, рейтинг боюнча эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон.
ЖИНГЕ ТИЙГЕН МУККАДЕС ЖАНА ҮЧ ЗОРДУКЧУ ТУУРАЛУУ
Тасмада башынан аягына чейин бир аялга кыжырыңыз келиши мүмкүн. Ал ажаан жеңе – Муккадес ханым. Ролду ушунчалык берилүү менен аткарган бул актрисанын аты – Эсма Дерманжиоглу. Ал 40 жашында актриса болууну чечиптир. 40 жашка чыкканда туулган күнүн өткөрүп жатканда коноктордун бири кесибин өзгөртүү тууралуу сунуш киргизет. Жөн салды айтылган сөз чындыкка айланып, 45 жаштагы Эсма актрисалык жолду тандап алат да, ушундай мыкты ролдорду жарата алат. Муккадестин ролу тууралуу Эсма: «Муккадес өтө сексуалдуу жана тайманбаган аял, болгону ойлогонун ортого салат. Акчаны ким сүйбөйт, бирок ошону элдер жашырышып, ак болгулары келе беришет. Мен аны терс каарман деп ойлобойм»,- дейт. Ролун минтип жактаган актриса учурда күйөөсү менен ажырашып, бир кызын тарбиялап жүргөн кези.
Ал эми кызды зордуктап кеткен үч жигиттин ролун аткарган Каан Ташанер (Эрдоган Яшаран), Энгин Озтүрк (Селим), Бугра Гүлсой (Вурал) – мыкты актёрлор. Чыныгы турмушта да үчөө жакшы достордон. Өз интервьюларында алар минтип айтышкан: «Биз үчөөбүз сыра ичкени киргенибизде айрым кыздар коркуп кетишет. Биз аткарган ролубуздан кийин кыздардын жүзүнөн зордукчу деп коркушарын байкадык. Бирок ишендиребиз, жашоодо андай жигиттерден эмеспиз».
Ал эми Селимдин колуктусу Мельтемдин ролун аткарган Седа Гувен 27 жашта. Ал «Кош деп айта албайм» аттуу тасмада роль жаратып таанымал болгон. Кызыгы, аталган тасмадагы актёрлордун ичинен бир гана Седа Гувен эч кандай актёрлук мектепте окуган да, сабак алган да эмес. Модель болуп жүрүп актрисалыкка аттап кеткен.
КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР
БЕРЕН СААТ (ФАТМАГҮЛ)«Түркиянын бриллианты» аталган Берен Саат 1984-жылы Анкара шаарында туулган. Өзүн модель, ырчы, актриса катары сынап келет. Берен Сааттын бирден-бир атаандашы деп актриса Туба Бүйүкүстүндү аташат. Экөө актёрдук жактан да, моделдик жактан да тең тайлашып тим болбостон, махабат фронтунда да салгылашкан. Берен Тубанын сүйүктүүсү актёр Бюллент Иналды тартып кеткен. Аркасынан чуулгандуу чууларды ээрчиткен Берен көптөрдүн көзүн күйгүзсө да, азырынча бойдок. Ал тартылган «Мезгилсиз махабат», «Кек» сериалдары көп өлкөлөрдө популярдуу.
ЭНГИН АКЮРЕК (КЕРИМ) Актёр «Фатмагүлдүн күнөөсү барбы?» тасмасынан кийин гана таанылган. 1981-жылы туулган Энгин кесиби боюнча тарыхчы. Тасмадан соң Берен Саат менен дуэт ырдап, анысы радиолордо хит болуп, муну менен дагы бир өнөрү ачылган. Бойдокчулуктун доорун сүрүп жүргөн кези.
ФЫРАТ ЧЕЛИК (МУСТАФА) Фырат Челикти киноактёр катары эмес, драмалык актёр катары көбүрөөк таанышат. 1981-жылы Германияда төрөлүп, балалыгы Парижде өткөн. Ал актёрдук мектепке кире электе бармен, куруучу, модель болуп иштеген. Учурда Түркияда жана Францияда ийгиликтүү киноактёр.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg