КАРКАС ҮЙЛӨР

Учурда турак жай салууну көздөгөндөрдүн ичинде кандай технология менен салсам деп ойлонгондору да бар. Себеби акыркы жылдары өлкөдө контейнер үй, каркастан тургузулган үй дегендер пайда боло баштады. Бул сапар каркастан тургузулган үйлөргө, анын артыкчылык жана кемчиликтерине баам салмакчыбыз.

ЧАТЫР
Чатыр үчүн жыгач устун менен тактайлардын ордун профилдер алмаштырат. Ал эми чатырдын жабуусу үчүн капчыкка чактап шифер, темир профнастил, черепица же ондулин алса болот.

ЭШИК, ТЕРЕЗЕ
Эшик менен терезе кадимки тартипте эле монтаждык көбүктүн жардамы менен орнотулуп, бекитилет.

ПОЛ
Мүмкүнчүлүккө жараша тактай, паркет, ламинат же линолеум төшөлөт. Ошондой эле жылуу пол орнотууга да болот. Жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча алсак, 1 чарчы метри 300 килограмм салмакка ылайыкташкан.

ПАЙДУБАЛ
Каркастан салына турган үйдүн салмагы жеңил болгондуктан, пайдубалга кетүүчү материалды үнөмдөй аласыз. Мисалы, арматура, цемент азыраак өлчөмдө колдонулат. Анткени кыштан тургузулган үйдүн пайдубалынын туурасы 40 сантиметрден кем болбошу кажет. Ал эми каркастан тургузулуучу үйдүкү 30-35 сантиметр болсо жетиштүү.

ДУБАЛ
Ортосу
Каркас даяр болгон соң ортолоруна жылчык калтырылбай айнек кебез салынат. Колдон келсе, базальт деген түрүн салган оң. Ал өрткө туруктуу. Жылчыктарды бүтөөгө монтаж көбүгү (пена) жакшы.
Калыңдыгы 25-32 сантиметр болот.

Сырткы бети

  • Алгач пенопласт чапталат.
  • Андан кийин бир катар кирпич коюлат же сайдинг менен жапса да болот. Бирок кыш коюунун артыкчылыгы, үйдүн дубалы бекем болот. Дубал 25-32 сантиметр калыңдыкты гана түзөт.
  • Дубалдын бетин түздөө үчүн цемент аралашкан шыбак, андан соң кооздук (декоративный) шыбагы менен шыбап же актап койсо болот.

Дубалдын ички бети

  • Айнек кебез салынган соң электр зымдарын монтаждоо иштери жүргүзүлүп, сыртынан үн өткөрбөөчү материал капталат. Андан соң гипс картону бекитилет. Электр зымдары коопсуздук үчүн атайын чыгарылган түтүктөрдүн ичине орнотулат.
  • Кийинки кадам шпаклёвка тартып, дубал кагаз чаптоо.

ШЫП

Сырткы бети

  • Шыптын үстүнкү бети, тактап айтканда, чатыр тарабын жылуулоо үчүн базальт (жылуулук кебези) жаткырылып, анын үстүнөн пенопласт бекитилет.
  • Чатырдын ички бети нымдан, шамалдан коргоочу материал менен капталышы зарыл. Себеби бул үй аба өткөрбөгөндүктөн, конденсат (муздак жана жылуу температуранын ортосунан пайда болгон суу тамчылары) пайда болушу мүмкүн. Бул темирдин чиришине алып келет.

Ички бети

  • Шыптын ички бети дубалдарды жылуулагандай жол менен жылууланып, шпаклёвка тартылат. Эгер эки кабат болсо, анда шыптын эки тарабына тең үн өткөрбөөчү материал капталышы керек.
  • Андан соң шыпты табитке жараша кооздоп алууга мүмкүн.

АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

  • Курулушка кеткен убакытты үнөмдөйт. Мисалы, 100 чарчы метр аянттагы үйдү 5-6 кишиден турган жумушчу топ 1-1,5 айдын ичинде бүтүрө алат. 100-300 чарчы метр болсо 2-3 айда бүтөт.
  • Жер титирөө, суу каптоолорго туруктуулугу жогору. Себеби бардык бөлүктөр буроолор менен бекитилет жана салмагы кыштан салынган үйгө салыштырмалуу жеңил.
  • Жылуулукту жакшы сактайт.
  • Мурда салынган үйлөрдүн үстүнө кошумча кабат курууга болот. Салмагы жеңил болгондуктан, пайдубалга көп оордук келтирбейт.
  • Бузуп кайра курууга жарайт. Үйдүн 90 пайыз материалдары жарактуу болот.
  • 100-120 жылга чейин сапатын сактайт.

КЕМЧИЛИКТЕРИ

  • Аба өткөрүүсү жокко эсе. Андыктан вентиляция системин туура орнотуу зарыл. Вентиляция системин иштетпей, 2-3 күнгө үйдү бекитип кетсе, үйдүн ичинде жагымсыз жыт пайда болот.
  • Дубалдын каалаган жерине буюмдарды кадап, илүүгө мүмкүн эмес. Дубалдын ички бетине телевизор, аристон, жылуулук батареялары, ашкана эмеректери илинүүчү жерлерди алдын ала аныктап алуу керек. Ал жерлерге атайын профиль орнотулат да, буюмдар ошого бекитилет.

ҮЙДҮН САЛЫНЫШЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

  • Алгач пайдубалы даярдалып, пайдубалдардын ортосу кум, шагыл менен толтурулат.
  • Андан кийин негизги түркүк болуучу төрт чарчы түтүктөр тургузулат. Ал пайдубалга бекитилет.
  • Кийинки кадам, каркастардын арасы профилдер менен 60 сантиметр болуп токулат.
  • Каркасы даяр болгон соң тепкич, жылыткыч, канализациялык түтүктөр жана электр зымдары орнотулуп, үйдү жылуулоо иштери жүргүзүлөт.
  • Акыркы кадам үйдү кооздоо менен бүтөт.

Жогорудагы маалыматтар менен бөлүшкөн «СпецСтройМонтаж» ЖЧКсынын башкы директору Нурмырза Кожояров болду. Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы каркастан курулуп жаткан үйлөрдүн 1 чарчы метри 250 доллардын тегерегин түзөт. Бул суммага пайдубалдан баштап, эшик, терезе, дубал, чатыр баарысы кирет. Мындай үйлөрдүн бизге келе баштаганына быйыл үчүнчү жыл.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
bekush
2013-06-10 12:27:29
ССМдин адресин ким билет, болушкулочу? 250 болсо норм.эле экен э?
0
Zarema94
2013-06-10 13:57:27
Даже арзанг0?
0
Alisher
2013-06-10 15:08:31
Рахмаат Супер инфо жамааты эгер мумкунчулук болсо келеерки санында мансарт уйлор жана алардын крышасы эмне мн жабылат мансарт уй куруу учун канча каражат кетеери жонундо маалымат берип отунуздорчу сурааныыч....алдын ала рахмат
0
admin_superstan
2013-06-10 15:17:59
Alisher,
Cаламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
arno2008
2013-06-11 11:54:47
дарегин кайдан алсак болот
0
admin_media
2013-09-30 11:11:42
arxinur,
Сизге эскертүү!
Жарнама жана коммерциялык маалыматтарга "Комерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет!
0
№ 553, 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан