90-жылдарды, андагы баш аламандыкты сүрөттөгөн казактардын «Рэкетир» тасмасы, андагы айыптууну жазалап, чындык үчүн күрөшкөн Саяндын ролун жараткан казак актёру Саят Исембаев эсиңиздеби? Кыргыз-казактын кино тармагына өз салымын кошуп келе жаткан актёр таланттуу кыргыз режиссёру Сүйүн Откеевдин чакыруусу менен борбор калаабызга келип отурат. Саят мырзага жолугушууга бара жатканымда «сүрдүү адам болсо керек» деген ойдо элем. Тескерисинче, мени шайыр, тамашакөй мырза тосуп алды. Бирок негедир маек башталары менен ал токтоо, кыска-нуска сүйлөгөн адамга айланды.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Исембаев Саят Тимирбулатович
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 14-октябрь
Билими – Орто, Казакстандагы А.Селезнёв атындагы окуу жайдын бий бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы Бош убактысын сыналгы көрүү менен өткөрөт
– Саламатсызбы, Саят? Кыргызстанга бат-бат эле келип турасызбы?
– Саламатчылык. Ооба, Ысык-Көлгө, Бишкекке бат-баттан келип турам. Кээде эс алып келсем, кээде жумуштарым менен дегендей. Мага кыргыз элинин меймандостугу, жаркылдап тосуп алып, жылуу узатып койгону жагат. Андыктан келүүгө мүмкүнчүлүк болсо эч качан колдон учурбайм.
– Бул жолку келишиңизге эмне себеп болду?
– Албетте, чыгармачылыгым. Учурда режиссёр Сүйүн Откеевдин «Миллиондук мелдеш» аттуу тасмасында роль жаратуудамын. Аталган криминалдык мелодрамада мен казак элинен келген Ержан деген жигиттин ролундамын. Бул каарман «Рэкетирдеги» Саянга аябай окшош. Негизи, тасмага тартылууга макулдугумду эчак эле бергенмин. Билесиздер да, тасма тартуу оңой эмес. Көп убакыт өткөн соң минтип тартылуу иштери башталып отурат. Буюрса, жакшы кино болот деген үмүтүбүз бар.
– Сиздин буга чейин эле кыргыз режиссёрлору менен иштешип келгениңизди билебиз...
– Алгач режиссёр Бакыт Карагуловдун «Найман эненин көз жашы» тасмасында Жоламандын, кийин кыргыз-казак режиссёрлору биргеликте тарткан «Кыялдагыдай шаар» телесериалында эпизоддук роль жараткам. Чынында, ал тасмадагы образымды өзүм да түшүнгөн эмесмин.
– Эки өлкөнүн кинематографиясындагы айырмачылыктарды байкай алдыңызбы?
– Айтып коюшат го «кыргыз-казак бир тууган» деп. Эки тараптын тең кинематографиясында аксоо бар экенин айткым келет. Себеби тасмалар аз тартылат. Кино тартуу ыкмасы да бири-бириникинен айырмаланбайт экен.
– Кыргыз киносунун кайсы өкүлдөрүн билесиз?
– Азыр баарын эстей албайм. Бирок актриса Гүлсара Ажыбекованы эч качан унутпайм. Дайыма эсимде. Себеби экөөбүз бир тасмада роль жаратканбыз. Тагыраак айтканда, мен Жоламандын, ал Найман эненин ролун жараткан. Тартуу учурунда мага көп нерселерди үйрөтүп, жардамын аяган эмес. Башка актёрлор деле жардам беришкен деңизчи. Бирок негедир Гүлсара эженин жакшылыгы эсимде калыптыр.
– Кыргыз элине адилеттүү бандит Саяндын ролу аркылуу таанылдыңыз. Байкашымча, көпчүлүк учурда бандиттин ролун жаратып келесиз. Мындай ролдор тажата элекпи?
– Негизи, адамдын келбети кайсы бир образга байланып калат экен. Чынында эле мага «чёрныйлардын» ролу көп туш келет. Тажабайм го, себеби мага мындай ролдор жагат. Токтоо, сүрдүү адамдардын ролун да катыра аткарам. Балким, бул мүнөзүмдөн улам болсо керек. Ошентсе да кыялымда эки жүздүү, шүмшүк кишинин образын жараткым келет. Менин көздөрүм куу адамдыкындай. «Рэкетирге» тартылып жатканда да режиссёр «көзүңдөгү куулукту жок кыл» деп айтып отуруп акыры максатына жетти окшойт. Чынын айтсам, "Рэкетирдеги" Саянга өзүмдү аябай окшоштурам, мүнөзүм, сүрдүү көз карашым баары дал келет.
– Бул тасмадан соң сиздин жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болду?
– Эң негизгиси, атактуулукка жетишип, эл сыйына ээ болдум. Көчөдөн мени таанып, сүрөткө түшкүсү келгендердин саны көбөйдү (күлүп). Мунун бир жаман жери бар экен. Алар сенин ошол учурдагы абалыңды, маанайыңды эске алышпайт тура. Аргасыздан күйөрмандарымдын көңүлүн оорутпайын деп жылмайып туруп берген учурларым көп эле болот.
– «Рэкетирге» тартылар алдында «кино тармагынан биротоло кетем» деп айтканыңызды уктум эле...
– Кызык?! Аны каяктан билип алдыңыз (күлүп)? Ооба, антип айтканымды моюнума алам. Кыргызстандагыдай эле биздин өлкөдө да актёрлордун айлык маянасы аз деген көйгөй бар. Эркек болгон соң үй-бүлөнү, бала-чаканы багышыбыз керек да. Акча тартыштыгынан улам менде башка жумуш менен алек болоюн деген ой туулган эле. Бирок тасманын жаратуучулары «тартыла бер» дешкенинен алгач кинонун жанрын сурагам. Жанры криминалдык драма экенин укканымда эле дароо макулдугумду бергем. Аябай даярданып тартылгам. Жыйынтыгы жаман болгон жок деп ойлойм.
– Өз кесибиңиз бийчи экен. Анан кантип тасма айдыңына келип калдыңыз?
– Союз кезинде эптеп бир окуу жайга тапшырсак дечү элек. Бактыма бир училищеде тандоо жүрүп жатыптыр. Болду-болбоду деп барып, өтүп кеттим. Эсимде, ошол жылы биздин айылдан мен эле студент болгом. Бий деле актёрдук кесиптин бир түрү да. Болгону бийди сахнада аткарсаң, кинодо камерага ойнойсуң. Экөөнүн мен үчүн айырмасы деле жок.
– Кесибиңиз жерде калбасын деп бийлеп турсаңыз керек?
– Албетте, ыңгайлуу жерде берилип бийлейм. Сөз жок, жакшы бийлейм.
– Кеп учугун үй-бүлөңүзгө бурбайлыбы...
– Мен эң жөнөкөй адамдардын перзентимин. Алматыга жакын айылдардын биринде туулуп-өскөм. Ата-энем такыр чыгармачылыкка жакын эмес. Жубайым актриса. Окуусун Орусиядан аяктап, ал жакта бир аз иштеп келген. Учурда окуучуларга тажрыйбасын бөлүшүп, сабак берип келет. Бир уулум бар, 11 жашта. Ал да мага окшоп атактуу болууну каалайт (күлүп). Бирок такыр чыгармачылыкка жакын эмес. Спорт менен алектенет, жаш экенине карабай ар түрдүү кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп апасы экөөбүздү сүйүнтүп келет.
– Маегиңизге чоң рахмат!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg