Чыгармачыл адам дайыма иш үстүндө жүрбөсө чөгүп кетет дешет. Бирок тагдырдын оор сыноосунан улам сахнадан алыстоого аргасыз болгон ырчы, актриса Венера Сатылганова мындай ойду четке какты. Ал эч муңайбастан үй-бүлө сырлары менен бөлүшүп, төмөнкүчө маек курду.
Туулган жери – Токтогул району
Туулган жылы, күнү – 1971-жыл, 9-апрель
Репертуарындагы ырлары – «Он сегиз жаш», «Жаш тилек», «Ай чыкканда балбылдап», «Алгачкы сүйүү», «Жанар тоо», «Дил кайрык» жана башкалар
Тартылган тасмалары – «Чиркин өмүр» (Карачач), «Кууш жолдо» (Салтанат)
– Саламатсызбы, бир кезде «Он сегиз жашты» ырдап чыгып эле жок болуп кеттиңиз. Көрүнбөй кайда, эмне менен алексиз?
– Чынын айтсам, көрүнгүм эле келип жүрөт, бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет тура. Жалгыз уулум ооруга чалдыгып, аны карап үйдө отурган чагым.
– Эмне болуп ооруп калды?
– Кээде ойлоп калабыз, көз тийдиби деп. Анткени Нурдан 3 жашында «Кара жолтой», кийин «Кууш жолдо» тасмаларында роль жараткан эле. Азыр 11ге чыкты. Минтип баспай калганына 4 жыл болуп калды. Уулум жакшынакай эле жүргөн. Бир күнү бала бакчадан «бутум ооруп жатат» деп ыйлап келди. «Балдар менен ойноп жүрүп оорутуп алган го» деп ойлогонбуз. Кийин да «ооруду» дей бергенинен дарыгерлерге көрсөттүк, бирок жакшы боло албады. Мен табыпмын дегендин баарына көрүндүк окшойт. Москвадагы бейтапканалардын бирине барып да дарыландык, жыйынтык чыкпады. Канча азаптуу күндөр, уйкусуз түндөр баштан өттү. Сакайып кетет деген үмүтүбүз чоң. Азыр мугалимдерди жалдап үйдөн окутуп жатабыз. Быйыл 4-классты аяктады.
– Уулуңуз эртерээк сакайып кетсин. Үйдө отура берип сахнаны да сагынсаңыз керек...
– Аябай сагындым. Театрда, кинодо роль жараткым келет. Ыр жаатында болсо анча-мынча эмгектенип жатам. Жакында эле Гүлнурдун жардамы менен репертуарымды жаңылап, бир-эки ыр жаздырганга жетиштим. Кээде тойлорго чакыруу алып калам. Учурда Мурат экөөбүз тең балабыздын айыгып кетишин эле күтүп жатабыз. Кудай буйруп, дартына даба табылса эле чыгармачылыкка баш-отубуз менен киришебиз.
– Сөздү улай чыгармачылыкка кандайча келип калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
– Кесибим эсепчи болгондуктан, окууну бүткөндө апам тааныштар аркылуу банкка орноштурган. Анда Союз маалы болчу. Бир күнү кассага акча тапшырып жатсам, 1 тыйын жетпей калды. Аны мен уурдап алгансып жетекчим «кана, отчёт бер» деп катуу талап кылып жатпайбы. Көрсө, тамашалап мени текшерип жатканы экен. Ошого ыза болуп, кийинки күнү жумушка чыкпай койдум. Апамдын кыйнаганына да карабадым. Ошол учурда «Туңгуч» театрына жаштарды кабыл алып жатыптыр. Ал жакка барсам, ырдатып-бийлетип, роль аткартып мени сынактан өткөрүп, кабыл алышкан.
– Жолдошуңуз Мурат байке менен ошол жерден таанышып калдыңыз?
– Ооба. Ал эртең менен жумушка келсем тосуп алып, үйгө кайтарда аялдамага чейин узатып коюп жүрчү. Аны улуу инсан, белгилүү актёр катары сыйлачумун. Өмүрлүк жолдошум болот деп ойлобоптурмун. Убакыттын өтүшү менен ортобузда жакындык пайда болуп, баш кошконбуз.
– Өзүңүздөн бир топ жаш улуу инсанга турмушка чыкканыңызга ата-энеңиз каршы болушса керек...
– Ар бир эле ата-эне баласынын өз теңине баш кошуп, бактылуу болушун каалайт эмеспи. Менин Муратка турмушка чыгарымды укканда апам «Кызым, бактылуу болушуңа көзүң жетеби?» деп сураган. «Ооба» дегенимде гана батасын берген. Ошол учурда көрө албагандар биз тууралуу түрдүү ушактарды чыгарышты. Алар көңүлүңө да карашпайт экен. Жанымда курдаш болуп жүргөн кыздар «сен жөнүндө мындай кеп болду» деп ушакты сүйүнүч менен айтып келишкенде абдан таң калчумун. Ушундай тоскоолдуктарга карабай баш кошконбуз. Ал кезде үйүбүз жок, батирлеп жүрчүбүз. Ошентсе да бактылуу сезчүбүз өзүбүздү. Азыр деле бактыбыз кемиди деп айтпайм, ушул кезге чейин урушкан эмеспиз, ортобузда сый бар.
– Кайын журтуңуз сизди кандай кабыл алды?
– Абдан жакшы. Жумушумду түшүнүү менен карашат. Келиндей кылып кызмат деле кылдырышкан жок. Кайненеме телефон чалып ал-жайын сурап калганымда «Венера, уулуңду өөп-жыттап жатасыңбы?» дечү. «Ооба, апа» десем, «Менин баламды да өөп-жыттап, жакшы кара, ээ?..» деп күлүп калар эле. Менин туугандарым да Муратты жакшы кабыл алышкан. Албетте, алгач аябай таң калышкан. Кантип таң калышпасын, Композ деп теледен көрүп жүргөн актёр күйөө баласына айланып калса. Апам болсо күйөө баласын өз баласындай көрүп, үйгө барганыбызда «ай, Мурат, кел» деп жанына чакырып алып сырдашчу. «Венераны минтип төрөгөм, тигинимди тигинтип төрөгөм» деп он баласын кантип жарыкка алып келгенине чейин айтып берчү.
– Балалыгыңыз кандай өткөн? Кичинеңизде кандай кыз элеңиз?
– Мендей көк бет адам дүйнөдө жок болсо керек. Гүлнур мага үй жыйнатчу. Эгерде көңүлүнө жакпай калса, чачып туруп «кайра жыйна» деп талап кылат. Андайда көгөрүп бир ордумда катып калчумун. Эртең менен саат 10до көгөрсөм, кечинде апамдар жумуштан келгенде араң жазылчумун.
– Көк беттигиңиз үй-бүлөлүк жашоого зыянын тийгизген жокпу?
– Көнгөн адат калбайт экен да. Башында жолдошума деле көктүгүмдү көрсөтүп, бир жума бою сүйлөбөй койгон күндөрүм болгон. Мурат кадимкидей жүдөп кетчү. Кийин балам төрөлгөндө уруш чыкпасын, үй-бүлөнү сактап калайын деп бул мүнөзүмдү жеңгенге аракет кылдым. Бир чети Мураттын да таасири чоң, унчукпай жүрүп көктүгүмдү жеңгенге жардам берди, тарбиялады. Ким билет, балким, ал кол көтөрсө, андан дагы көк бет болуп кетер белем.
– Маегиңизге рахмат. Сизди жаңы ролдор, жаңы ырлар менен сахнадан күтөбүз.
Асел Асанова
star@super.kg