РУСТАМ АТАШОВ: «ФИЛЬМ ҮЧҮН БИР МАШИНАНЫ ӨРТТӨП ЖИБЕРДИК»

Рустам Жалалабат областынын Аксы районуна караштуу Кызылжар айылында 1968-жылы 7-декабрда туулган. 1993-жылы КУУнун физика факультетин аяктап, 1994-жылдан 2004-жылга чейин мамлекеттик телевидениеде эмгектенген. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

Айка, 22 жашта:
– Рустам байке, сиз тарткан «Министрдин кызынын махабаты» фильмин көрдүк. Жакшы тартылыптыр. Бирок, катышкан каармандарыңыз жалаң биринчи жолу тартылып жаткандар экен. Сурайын дегеним, сизге тажрыйбасы жок актёрлор менен иштеген кыйын болгон жокпу?
– Менин каармандарым билимдүү актёрлор болбогондон соң, албетте, кыйынчылыктар болду. Бирок, өзүм ойлогондой эмес. Баары эле чын дилдеринен ойношуп, болгон күчүн жумшап жатышты. Калганын өзүмдүн режиссёрдук аракетим менен ушул деңгээлге жеткирдим.
– Фильмдин экинчи сериясын качан көрө алабыз?
– Негизи, биз башында китепти бир сериялуу эле фильм кылабыз дегенбиз. Бирок, узарып отуруп, окуялар бир сериялуу фильмге батпай калды. Ошондуктан, сценарийди экиге бөлүп коюуга туура келди. Буюрса, экинчи сериясынын 80 пайызы тартылып бүткөн. Эми калган 20 пайызын тартып, анан монтаждоого өтөбүз. Февраль айларында фильмдин экинчи сериясын көрсөтөм деп сөз бере алам.

Алтын, 21 жашта:
– Фильмде машинаны жардырып, адамдарды өрттөгөн же­ри бар экен. Ошону кантип тарт­тыңыз?
– Адамдын күйгөнү да, машинанын жа­рылганы да компьютерден жасалган эмес. Буларды чындап тартканбыз. Күйө турган адамга беш-алты кабат калың кийимдерди кийгизгенбиз. Андан тышкары сууларын даярдап атайын кызматкерлер турушту. Съёмка тартылып бү­төө­рү менен даяр турган кызматчылар өрттү өчүрүп калышты. Натыйжада, өрт адамдын денесине жеткен жок. Машинаны болсо бир досум берди. Көптөн бери айдалбай гаражда турган машинасы болчу, фильмдин жакшы чыгышы үчүн ошентип бир машинаны курмандыкка чалдык.

Айсулуу, 20 жашта:
– Рустам байке, сиз фильмге каармандарды тандап жүр­гө­нү­ңүздө мен Оштон телефон чалгам. Бирок, жол алыс болгондуктан, кастингге катышууга мүмкүн болбой калган. Эми деле фильмге катышууга мүм­күн­чүлүк ала аламбы?
– Айсулуу, сенин телефон чалганың менин эсимде. Фильмге катышууга болгон ынтызарлыгың да билинип турат. Буюрса, биз 9-октябрдан 15-октябрга чейин «Министрдин кызынын махабатын» Ош шаарына коёбуз. Ошондо сөз­сүз мага келип жолугуңуз. Сизге ылайыктуу роль болсо тартыласыз.

Намазбек, 25 жашта:
– Кинонун дискин качан чыгарасыз?
– Диск жакын арада чыкпайт го. Бери болгондо эле алты айдан кийин чыгарабыз деген пландар бар.

Наргиза, 16 жашта:
– Рустам байке, киноңузду теледен качан көрө алабыз?
– Азырынча теледен берүү ойдо жок. Берсек да балким жаңы жылдан кийин беребиз. Андыктан, фильмди жакын арада теледен күтпөй эле койсоңуз болот.

Шайлообек, 48 жашта:
– Рустам иним, мен бул китепти окуп чыккам. Бирок, сен тарткан фильмди көргөн жокмун. Ошондуктан, Москвага барган жерин кантип тартканыңды билбей жатам. Москвага бардыңбы же сценарийди өзгөр­түп койдуң беле?
– Жоробектердин Москвага барган жери фильмдин экинчи сериясына кошулуп кетет. Мен жогоруда экинчи сериянын 20 пайызы тартылып бүтө элек деп айтып өттүм. Ошол тартылып бүтө электердин арасында сиз айткан Москвадагы эпизоддор дагы бар. Башында чындап эле сценарийди өзгөртүп, Москвадан эмес эле жакыныраак жерден, мисалы, Казакстандан тартсамбы дедим эле. Бирок, бул оюмдан кайра кайтып, чын эле Москвага бармай болдук. Москвага бара жаткандагы окуялар тартылып бүткөн. Аны Бишкек-Москва поездинде Карабалтага чейин барып, тартып келгенбиз.

Бүбүгүл, 36 жашта:
– Ишиңиздин ийгиликтүү чыгышына жубайыңыздын да таасири тийбей койбосо керек.
– Албетте, келинчегим Динара – менин эң биринчи кеңешчим. Анын үстүнө ал чыгармачылык жактан кенен түшүнү­гү бар адам. Чынын айтсам, мен бир жыл бою кино тартам деп жүрүп үйбүлөмдү да унутуп коё жаздадым. Динара ошонун баарын түшүнүп, балдарымды өзү тарбиялап жатты. Ал эми фильм көр­сө­түлө баштагандан тартып колума кол, бутума бут болуп чуркап жүрөт. Кыскасы, уюштуруу иштеринин көпчүлүгүн эле келинчегим аткарып жатат.

Дайырбек, 25 жашта:
– Фильмге баш-аягы канча персонаж катышты?
– Кырктай болду го. Кызыгы, булардын бардыгы биринчи жолу роль жаратышты.
– Гезиттен фильм жакшы болсо каармандарыңызга гонарар төлөп берүү жөнүндөгү убадаңызды окуган элек. Ошол убадаңызды аткардыңызбы?
– Биз азырынча фильмден канча киреше түшкөнүн тактай элекпиз. Түшкөн кирешеге биринчи иретте жакшы техникалык жабдууларды сатып алабыз деген максатыбыз бар. Андан ашканын албетте, каармандарыма ыраазылык билдирип, алар үчүн жумшайм. Бирок, гонорар жагын эсептешүүгө азырынча эртерээк.

Шайыр, 29 жашта:
– Сизди буга чейин клип тартуучу катары билчү элек. Эми кино тартууга кызыгып кетип, клип тартпай койбойсузбу?
– Эми менин негизги жумушум кино тартуу болуп калмакчы. Бирок, ортодо жакшы клиптер чыгып калса, албетте, тартып коюудан баш тартпайм.
– Эң биринчи тарткан клибиңиз кайсы болгон?
– «Биз» тобунун вертолёттун жанында туруп ырдаган «Адина» деген ырын билсеңер керек. Ошол менин биринчи клибим. Андан бери тогуз жыл өттү.

МАДИНА – ЧОТКАРАЕВА АСЕЛ

Асел 1986-жылы Чүй боорунда төрөлүп, Бишкек шаарында чоңойгон. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын вокал бөлүмүн аяктаган. Учурда «Учур» театрында эмгектенет. Бойдок. Үйбүлөдө жалгыз кыз.

Алмаз, 23 жашта:
– Асел, сен фильмде тажрыйбалуу актёрлордой ойнодуң. Сенин актёрлук билимиң барбы?
– Мен кичине кезимде эле фильмде роль аткарууга кызыгып келгем. Бирок, убагында актёрлук билим алганга мүмкүнчүлүк болбой калган. Эми деле окуп алсам деген тилегим бар.
– Бул ролго сен кандайча ээ болуп калдың эле?
– Кастинг жарыяланганын гезиттен окугам. Бирок, анча деле маани берген эмесмин. Апам «барып көрсөңчү, балким, өтүп кетээрсиң» деп калды. «Коюңузчу, баары бир өтпөйм» дегениме болбой өзү кастингге алып келген. Апам ойлогондой эле өтүп, болгондо да минтип башкы каармандын ролун ойноп калдым.

Жумагүл, 20 жашта:
– Фильмдеги Мадина менен жашоодогу Аселдин окшош жактары барбы?
– Фильмде Мадина бир үйбүлөнүн жалгыз кызы. Анын сыңарындай, мен да үйдө жалгыз кызмын. Бирок, Мадина министрдин кызы болсо, мен карапайым эле катардагы үйбүлөдөн чыккам. Ошондой эле Мадинанын тыңдыгын, кылам дегенин кылган өжөрдүгүн өзүмдүн мүнөзүмө окшоштурам. Бирок, Мадинанын кээ бир жоруктарына мен бара албайт болчумун. Мисалы, ата-энеме катуу кыйкырып, бөлөмдү сүйүп калуу деген нерселер менде болушу мүм­күн эмес. Мени апам жалгыз өзү тарбия­лаган. Ушул убакка чейин мен апама кыйкырмак түгүл өйдө карап сүйлөп көргөн эмесмин.

Азамат, 22 жашта:
– Асел, жигитиң барбы?
– Жок, балалык сүйүүнү эске албаганда менин башыма сүйүү келе элек.
– Кино чыккандан бери күйөрмандарың пайда боло баштагандыр?
– Көчөдөн, маршруткадан көрүп таанып калгандарды байкап жатам. Бир күнү мамам, таежемдер болуп жолдо баратсак бейтааныш жигиттер мени таанышып, бараар жерибизге машина менен жеткирип койгон. Ошондон бери телефон чалып, SMS билдирүүлөрдү жиберип турушат.

Бегайым, 18 жашта:
– Асел, фильмде өзүңө-өзүң жакпай калган жериң болдубу?
– Эгер кайрадан тартылса, эки-үч жерин башкача аткармакмын. Мисалы, Жоробекти издеп Зинанын үйүнө келип, Зина менен урушкан жерим такыр өзүмө жакпайт. Колдорумду ашыкча эле кыймылдатып жибергендей сезилет.
– Сенин ийгилигиңе жакындарың да кубанып жатышкандыр?
– Мен укмуш ийгилик жаратып салдым деп айта албайм. Ошентсе да биринчи жолку ролума тууган-уруктарым албетте, кубанып жатышат. «Майлайбыз» дешип күн сайын улам бирөөсү конокко чакырышат. Бир өкүнүчтүү жери мени экрандан таенемдин көрбөй калганы болду. Мен съёмкага тартылып жүргөндө «Ушул кино бүтсө таягымды такылдатып кинотеатрга барып, кызымды көрүп келем» деп айтып калчу. Тилекке каршы, фильм даяр боло электе көзү өтүп кетти.

ЖОРОБЕК – ЭРБАЕВ АСКАТ

Аскат 1983-жылы Ош областынын Каракулжа районунда төрөлгөн. ОШМУнун бизнес жана менежмент факультетин 5-курска чейин окуп, аяктабай калган.

Мээрим, 22 жашта:
– Аскат, сен фильмдеги трюктардын баарын өзүң жасайсыңбы же бул жөн гана компьютердик монтажбы?
– Мен өзүм бала кезимен баштап эле спорт менен машыгам. Беш жылдан бери кытай гимнастикасынын тай-цзи деген түрү менен машыгып келем. Андыктан, сиз шек санап жаткан трюктардын баарын өзүм жасайм.

Аида, 19 жашта:
– Сага Мадина менен Зинанын ролун ойногон кыздардын кимиси кө­бүрөөк жагат?
– Мага Асел менен Роза экөө тең эле бирдей. Алар экөө тең ак көңүл, ачык айрым, түшүнүктүү, жакшы кыздар. Биз үчөөбүз жакшы досторбуз. Экөөнү бири-биринен бөлүп көрсөтө албайм.
– Негизи, сенин сүйгөн кызың бар­бы?
– Бар. Анын аты менин жүрөгүмдөн эч качан өчпөйт.
– Мадина менен Зинадай чоңдун кызына үйлөнгүң келеби же Канымдай жөнөкөй кызгабы?
– Мен үчүн анын мааниси жок. Министрдин кызы болобу, койчунун кызы болобу, негизгиси эки адамдын ички дүйнөсү төп келишсе болгону.
– Сенин кызың ушул эки типтеги кыздардын кимисине окшош?
Экөөнүн ортосундагы чөйрөдөн.

Жеңиш, 30 жашта:
– Аскат, учурда эмне менен алек болуп жүрөсүң?
– Өзүңөр билгендей жакында эле киного тартылып бүттүм. Азыр режиссёрго уюштуруу иштерине жардамдашып жүрөм. Андан кийин экинчи серияга тартылуу башталат.
– Кайсы окуу жайын бүттүңүз эле?
– Мен окуумду таштап койгом. Бизнес жана менежмент бөлүмүндө окучумун. Бирок, бул адистик мен үчүн эмес экенин башынан эле сезчүмүн. Кинодогу Жоробектин таажездесиндей болуп мени да таажездем бул окууга жөн эле өткөрүп койгон болчу.

ЗИНА – АЗИМБАЕВА РОЗА

Роза 1986-жылы Жалалабат шаарында төрөлгөн. Үйдүн жалгыз кызы. Учурда КГУСТАнын экономика факультетинде 2-курста окуйт. Бойдок.

Данияр, 28 жашта:
– Фильмде роль ойноо качантан берки максатың эле?
– Мен балабакчада жүргөн кезимде эле ырдап, бийлеп, интермедияларга катышып жүр­­чүмүн. Мектепте окуп жүр­гөндө да ар кандай ийримдерге катышчумун. Бир музыкант агай бир жолу үйгө келип: «Сен ырчы болушуң керек, мен сага вокалдан сабак берем» дегенде атам мени үйгө камап, агайыма жолуктурбай койгон. Мектепти бүткөн соң, актёрлукка тапшырайын десем дагы «Же юрфакка окуйсуң же күйөөгө чыгасың» деп караманча каршы болуп туруп алган. Анан айла жок атам каалаган окууга тапшыргам.
– Анан кандайча макул болуп калды? Болгондо да жанагыдай эротикалык эпизоддорго катышсаң?
– Мен кичине кезимде эле атам менен апам ажырашып кетишкен болчу. Бирок, атам бизден кабар алып, турмушубузга аралашып турчу. Азыр бизден такыр бөлүнүп Жалалабатка кетип калды. Ошондуктан, менин киного тартылганымды ал билбейт. Билсе да азыр мурункудай талап койбойт.

Зарина, 17 жашта:
– Фильмди биринчи жолу көр­гөн­дө кандай сезимде калдыңыз?
– Алгачкы күндөн баштап кинону күн сайын көрсөм да азыркы күнгө чейин көргөн сайын ыйлайм. Эмнеге ыйлаганымды өзүм да билбейм. Кыязы, өзүмө өзүмдүн боорум ооруп, өзүмдү аяп ыйлайт окшойм.
– А туугандарыңыз, досторуңуз эмне деп жатышат?
– Мактап эле жатышат. Апам болсо «өтө эле ачык болуп калган бир жери бар экен. Калганынын баары жакшы» деди.

Самара, 29 жашта:
– Силердин азыр Мадинанын ролун ойногон Асел экөөңөрдүн мамилеңер кандай?
– Башында Асел экөөбүз эмнегедир такыр тил табыша алчу эмеспиз. Мага Асел мени жаман көргөндөй сезиле берчү. Көрсө, ошондо Аселге мен аны жа­ман көргөндөй сезилчү экен. «Өзү сүйлөбөсө сүйлөп эмне кылам?» деп сүйлөбөй жүрө берчү экен. Азыр жакын курбулардан болуп калганбыз. Кинодогудай болуп душман эмеспиз.

Даярдаган Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан