Сүйүнчү! «Тамашоучу», шоумен Бакыт Осмонканов үчүн 20-апрель бактылуу күндөрдүн бири болду. Ата статусуна ээ болгон Бакыттын кубанычында чек жок. «Келинчегим менен балам 25-апрелде үйгө чыгып келишти. Буга чейин кичинекей балдардын кылык-жоругуна чыдабай «ары отур, бери отур, тынч» деп урушканга чейин барчумун. Азыр баламдын жанынан чыкпай шынарлап калдым. Же өзүңдүн балаң таттуу болобу, билбейм. Балама апам менен карындашым Нурсултан деп ысым ыйгарышты» дейт кудуңдаган жаш ата.