Азыр табигат коюнунда эс алуу үчүн мыкты убак. Андайда шишке эт сайып, отко кактап бышырып жесең... Шишкебек канчалык даамдуу болору туура маринаддоодон көз каранды. Шишкебектин этин маринаддоонун сырлары менен ашпозчу ШЕРЗОД ВАЛИЕВ бөлүшмөкчү.
МАРИНАДДООМаринад – ачкыл сууга салып даярдалган татымал. Ал эттин ширесинин агып кетүүсүн токтотуп, аны күйүп калуудан сактайт. Ошондой эле маринаддалган эт жумшак, ширелүү болот жана шишкебек тез бышат.
Этти маринаддоо үчүн туз, пияз, калемпир, мурч, сарымсак, кинза, киви, атайын шишкебек үчүн даярдалган татымалдар керек. Ал эми суюктуктардан квас, айран, газдалган суу, анардын, алчанын, лимондун ширеси жана өсүмдүк майы керек. Мындан сырткары коньяк, сыра кошуп койсо да болот. Пияз шишкебек үчүн эч качан көп болбойт. Ал канчалык көп болсо шишкебегиңиз ошончолук ширелүү болот. Маринад этти толугу менен жаап турушу керек.
ТООК ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК
Чуңкур идишке өсүмдүк майын, газдалган минералдык сууну, калемпир, мурч жана лимон ширесин аралаштырып алабыз. Анан таза жуулган тооктун сан этин салып, үстүнө пияз туурап аралаштырабыз. Тоок эти 2 сааттан 5 саатка чейин маринаддалып турса жетиштүү.
Керектелүүчү азыктар:
Тооктун сан эти 6 даана,пияз 0,5 килограмм, 2 даана лимондун ширеси, 5 аш кашык өсүмдүк майы, калемпир, мурч, туз, ашкөк (татымына жараша).
ЭТ ТАНДОО
Шишкебекке негизинен бардык эттер жарай берет, бирок жаш малдын этинен жасалса жумшак жана ширелүү болот. Малдын арткы сан эти, төш эти, кабыргалары жарайт. Ал эми тооктун сан этин гана алууга аракет кылыңыз. Этти шишке сайганга ылайыктуу өлчөмдө кесип даярдап алыңыз, бир кесими болжол менен 30 грамм салмакта болгону жакшы. Майда тууралып калса кургак болуп, ал эми чоң тууралса шишкебектин сырты күйүп, ичи бышпай калат.
УЙ ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК
Шишкебекке жаш малдын эти тандалып алынат. Этти майдалап туурап, чуңкур идишке салабыз да, ага газдалган минералдык сууну куюп, туз, мурч, ачуу калемпир, зире, бир аз өсүмдүк майын, атайын шишкебекке арналган татымалдарды кошобуз. Эт катуу болсо, кивинин ширесин да кошуп коюу керек. Маринаддоо учурунда татымалдарды каалагандай кошо берсе да даамы бузулат. Ошол себептен биринин даамын бири ача турган татымалдарды кошуу зарыл. Кечинде маринаддап, эртең менен шишкебекти бышыра берсе болот.
Керектелүүчү азыктар:
1 килограмм эт, 0,5 килограмм пияз, шишкебекке арналган татымалдар (мурч, калемпир, туз, зире), бир даана киви.
КЕБАБ
Кебабга (мыкчыма шишкебек) эт тандоодо малдын жаш-карысына маани берилбейт. Себеби эт эт туурагычтан эки ирет өткөрүлөт. Ага малдын ич майын, нан, пиязды майдалап кошобуз.
Кебаб башка шишкебектерге окшоп суткалап маринаддалбайт. Татымына жараша туз, зире, ашкөк кошуп аралаштырабыз да, тыныктырбастан эле шишке мыкчып ороп коёбуз.
Керектелүүчү азыктар:
1 килограмм эт, 200 грамм нан, 250 грамм ич май, 3-4 баш пияз, татымына жараша зире, мурч, калемпир, шишкебекке арналган атайын татымалдар кошулат.
ЭСКЕ ТУТУП АЛЫҢЫЗ!
Эт даяр болгондо аны шишке сайып, мангалга коё берсеңиз болот. Шишкебегиңиз даамдуу, эс алууңуздар көңүлдүү өтсүн!
Нурбек Абдыкадыров,
Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg