«ОТУРУШТАРДЫН ПАДЫШАСЫ ЭЛЕК»
– Мен 1967-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 3 эркектин улуусумун. 3-класска чейин айылда менден өткөн тентек бала жок эле. Ата-энем мугалим болгондугуна байланыштуу 3-класстан 10-класска чейин мектеп-интернатта окуп калдым. 4-класстан тарта музыкалык аспаптарды үйрөнө баштагам. Интернаттын жогорку класстарындагы орус балдар «тамекинин бүчөгүн чогултуп келсең, гитара черткенди үйрөтөбүз» деп түн ортосунда көчөгө жиберишчү. Анан дүкөндөрдүн тегерегинен тамекинин бүчөгүн чогултуп келем. Ошентип жүрүп гитараны үйрөндүм.
Негизи кыздар гитара черткен жигиттерге жакын болот эмеспи. Окуучулук кезде отуруштардын падышасы элем. 8-класстан баштап обон чыгара баштадым. Эң биринчи жазган «Кол үзүштүк» деген ырымды Асел Турдалиева кийин ырдап чыкты. Мектепте окуп жүргөндө Сүймөнкул Чокморов, Болот Бейшеналиев агаларыбызды көрүп, актёр болгум келчү. Бирок мени ким киносуна тартмак эле? Акыры «жоктон көрө жогору» деп музыка жагын тандап алгам.
«АСКЕРДЕ ГИТАРА БОЮНЧА БИРИНЧИЛИКТИ АЛГАМ»
– Интернатты аяктаган соң Ленинград шаарында аскердик кызматты өтөдүм. Ленинград аймагында 17 аскердик бөлүк бар эле. Ар дайым бул бөлүктөрдөгү аскерлер ортосунда футбол же музыка жаатында мелдештер уюштурулуп турчу. Орусча жакшы ырдачумун. Ошондой мелдештерге катышып, гитара боюнча 1-орунду утуп алгам. Аскерден кайткан соң Фрунзе шаарына келип, «Кыргызавтомаш» заводунда иштеп калдым. Чубак Сатаев, Тургуналы Нурматовдор ошол убакта белгилүү болуп жаткан. Мен дагы «Эңсөө бийлеп» деген ырымды ырдап чыктым. Эл жакшы кабыл алды. Кийин заводдо чогуу иштеген балдар (Таалай Бектурганов, Борончу Кудайбергенов, Болот Алымкулов) болуп «Ак тилек» деген топ түзүп, ар кандай мааракелерде, тойлордо ырдап жүрдүк. Таалай Бектурганов менен кантип таанышканымды айта кетейин.
Күндөрдүн биринде Таалай келип, «мен дагы гитарага кызыгам, үйрөтпөйсүңбү?» деп калды. Ал кезде элге таанылып калгам да. Ошондон кийин ага гитараны үйрөтө баштадым. Өзү деле мурда ойноп жүрчү экен, бирок жакшы черте алчу эмес. Ошентип жүрүп экөөбүз ынак болуп кеттик. Бир төшөккө жатып, бир нанды бөлө жеген дос болдук. Мен мурда «Мыскыл жана тамашага» жылда чыгып ырдачу элем. Таалайды ошол жакка алып барып биринчи жолу чоң сахнага чыгардым. Кийин өзү да обон чыгара баштады. Эл жакшы кабыл алып, досум бат эле популярдуу болуп кетти. Кийинчерээк менин «Эненин арманы», «Унутам деп», «Оо, жаным» деген ырларым чыгып, ал ырлар мага популярдуулук алып келди. «Унутам деп» деген ырымдын тарыхы да бар.
Мени тааныштарым конокко чакырып калышты. Ырдап отуруп 5 мүнөт эс алып алайын деп ашканасына киргем. Столдун үстүндө турган гезиттеги «Унутам» деген ырга көзүм түштү. «Сөзүн жазган Байтемир Асаналиев» деп турат. Сөздөрү аябай жакшы экен. Акырын гезитти айрыдым да, чөнтөгүмө салып койдум. Кийин 4 айдан соң ага обон чыгардым. Ал кезде азыркыдай жайнаган радиолор жок эле. Бир гана «Кыргыз радиосу» менен биздин ырлар элге тарачу. Бишкекте кайсы жерде той же туулган күн болсо, бир жагына Чубак Сатаев, бир жагына мен кетчү элем.
«КОНЦЕРТТЕН ТҮШКӨН АКЧАЛАРДЫ ЧАЧЫП ЖОК КЫЛГАМ»
– 1992-жылы популярдуу болуп турган чакта 4 күн Улуттук филармонияга жеке концертимди бергем. 4 күн тең бош орун калбай, көрүүчүлөр туруп көрүшкөн. Ошол концертимде Таалай өзүнүн ырларын ырдап чыккан. Калк арасында менин ырларымды Таалайдыкы, Таалайдын ырларын меники деп чаташкандар азыркы убакта деле кездешет. Мунун себеби бар. Таалай менин стилимде ырдап чыкты да, экөөбүздүн ырдоо стилибиз окшош болгондуктан, эл айырмалай албай калды. Чынын айтсам, 4 жыл популярдуу болуп турдум. Эл жаңы нерсени күтөт, каалайт да. Кийин Таалай чыкканда угуучулар ага ооду. Таалайдын белгилүү болуп кеткенине устаты катары ошондо аябай кубангам. Биринчи концертимде 14 миң сом түштү. Ал кезде шаардын ортосундагы 3 бөлмөлүү батир 9 миң, 2 бөлмөлүү батир 6 миң сом болчу. Балдар менен «кел, ичебиз, жейбиз» деп отуруп эле аягында 1000 сом калган. 1994-жылы экинчи жолу концерт коюп, 11 миң сом түштү. Аны да болбогон нерселерге чачып жок кылгам.
Гастролго көп чыктык. Концерттерибиз аншлаг менен өтчү. Гастролдо кызыктын баары болчу, мушташчубуз. Бир жолу Аксынын Кербен шаарынан жергиликтүү балдар Таалай Бектурганов менен Болот Токтобаев деген ырчы балабызды сабап кетишиптир. Келсем, биз менен гастролдоп жүрүшкөн кыздарды алып кетебиз дешет. Алардан араң качып кутулганбыз. Ал кезде эл сыйчыл болушчу.Барган жерибизден сыйлап эле жатып калышчу. Ичип да жүрдүк. Мактанбайын, күйөрман кыздарыбыз толтура болчу. Ал кезде жаш элек, өң деле бар эле (күлүп).
Бир жолу филармонияда ырдап жатсам, сахнага бир татынакай кыз гүл көтөрүп чыгып мага сунду. Гүлдү жакшы эле кармагам, алаканым «тыз» дей түштү. Ырдап бүтүп сахнанын артына өтсөм, колум канап кетти. Көрсө, тиги кыз гүл сатып ала албай, филармониянын алдында өскөн роза гүлдөрдү жулуп алып, гезитке ороп келе берген экен. Бизди эл жакшы кабыл алганынын себеби дайыма жандуу ырдачубуз. Кээде сахнада ырдап жатканда гитаранын кылдары үзүлүп кетчү. Андайда эл ого бетер дуулдап, колдоп жиберишчү эле. Азыр ошол кездерди сагынам.
«КӨП ЫРЧЫЛАР ЖАКШЫЛЫКТЫ БИЛИШПЕЙТ»
– Мен эч качан бирөөгө арнап же сүйүп «мен сени сүйдүм же мен сен үчүн Бишкекти ордунан жылдырып берем» деп ыр жазган эмесмин. Акындардын китептерин алып окуп жүрө берем. Арасынан жаккан ырлардан таасир алып, ага обон чыгарам. Чынын айтсам, ушул кезге чейин бирөөнү сүйүп көргөн эмесмин. Жакшы көрүү сезимдери болгон чыгар. «Мен сени сүйөм» деп кантип айтышат түшүнбөйм, мен антип айта албайт экем.
Биринчи жубайым менен пикир келишпестиктерден улам ажырашып кеткенбиз. Экинчи келинчегимдин аты Уулжан, менден 9 жаш кичүү. Лейлектин күйөө баласымын. Экөөбүз 2 кызды тарбиялап жатабыз. Улуу кызыбыз Рано быйыл 2-класска барат, ал эми экинчи кызым Рахима 3 жашта. Азыр үй-бүлөм менен бактылуу жашап жатам. Менин негизги максатым – ден соолугум болсо, ушул кыздарымды элден кем кылбай чоңойтуу. 2 жылдан бери ооруп жүрөм. Дарыгерлер ички варикоз деген диагноз коюшуп, Москвага барып операция жасатып келгем. Жакында да барып текшерилип келдим. Чоңдордон эмес, карапайым элден айланса болот. Дары-дармекке кетчү каражатты кесиптештерим, тууган-туушкандарым, жердештерим жана карапайым калк эле чогултуп беришти. Ал эми миллиондогон акчасын сапырган чоңдор, байлардан бир да тыйын чыкпайт экен.
1989-жылдан баштап КТРге оператор болуп ишке орношком. Кийин режиссёрлукка өттүм. Андан соң КУУнун журналистика факультетин аяктадым. Ошентип телевидение жаатында иштегениме 22 жылдын жүзү болду. КТРде көп жыл иштедим, кийин 2010-жылы Бейшенбек Бекешов агай чакырганынан ЭлТРге келдим. Азыр аталган телеканалдын башкы администраторумун. Жумушум менен алек болуп жүрүп ырчылыгым экинчи планда калып калды. Кээде жаңы ырларды жазып коём. Бирок клип тартып, сахнага алып чыгууга шымалана киришкен жокмун. Телеканалда иштеп жүрүп азыркы атактуу ырчылардын 20 чактысына, «мен жылдызмын» деп төшүн каккандарына чейин популярдуу болушуна жардам көрсөткөм. Ошол ырчылар азыр мени тоготпойт, жакшылыгымды эстегилери да келбейт. Кээ бирлери, мисалы, Бактияр Токторов сыяктуулары гана моюнуна алып, ыраазычылыгын билдиришет.
Асхат Субанбеков
star@super.kg